Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Каржы министрлиги бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартууга кызыкдар


БИШКЕК. Каржы министрлиги президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин наамына мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу тууралуу сунуш даярдап жатат. Бул тууралуу жума күнү министрдин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди. Сунушка мамлекеттик кызматчылардын санын 30 пайызга кыскартуу, мамлекеттик башкаруунун облустук, райондук баскычтарын кыскартуу, кызматтык автоунааларды азайтуу демилгелери кирген. Жапаровдун билдиргенине караганда, учурда Кыргызстан аймагында мамлекеттик кызматчылар үчүн 6,5 миң автоунаа кызмат кылат, акырындык менен алардын жарым-жартылайын кыскартуу зарыл. Демилге колдоо тапса, ал акырындык менен эки-үч жылда ишке ашышы жана келерки жылдын бюджетин түзүүдө бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу эске алынышы керек, деп эсептейт министрдин милдетин аткаруучу.

XS
SM
MD
LG