Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ РАСМИЙ ТҮРДӨ ЖАБЫЛДЫ


1-июлда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны ишин расмий токтотту. Акыркы отурумду парламенттин март окуясынан кийин шайланган төрагасы Ишенбай Кадырбеков жапты. 24-март окуясына байланыштуу шашылыш чогулган депутаттар кырдаалга байланыштуу кош палаталуу Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаттары ишин убактылуу улантышы керек деп чечкен. Бирок ошол кездеги жаңы төрага Кадырбеков Мыйзам чыгаруу жыйыны ишин убактылуу токтотуу тууралуу саясий чечим кабыл алгандыгын 28-мартта жарыялаган. Кадырбековдун акыркы билдирүүсүнө караганда, мыйзам чыгаруу жыйыны өз кадамдары аркылуу өлкөнүн турукташуусуна тарыхый салым кошту. Акыркы отурумдан соң Ишенбай Кадырбеков кабарчыбыз Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берди.

Тектеш

XS
SM
MD
LG