Өткөн жума күнү америкалык аскерлер Кунар провинциясындагы талибдерге абадан сокку урушканын кабарлашкан эле. Кабарда “Соккудан бир нече террорист жана атышууларга катыштыгы жок куралсыз адамдар өлдү” деп айтылган. Көрсө алардын ичинде жеригиликтүү 17 тургун да америкалык аскерлердин огунан учуп өлгөн экен. Бүгүн Ооганстандын президенти Хамид Карзай күнөөсүз 17 адамдын өлгөнүнө кайгырып жатканын билдирди. Кабулда президенттин өкүлү Жавед Лудин “мамлекет бул окуяны өзүнчө иликтей турганын” айтты.
Америкалык командачылык ушул эле Кунар провинциясында өткөн аптада дайынсыз жоголгон чалгын тобундагы эки жоокердин өлүмүнө байланыштуу маалыматтар боюнча комментарий бере элек. Өткөн аптада чалгын тобун издөө үчүн жиберилген тик учак жерден атып түшүрүлгөндө, анын бортундагы америкалык 16 жоокер каза тапкан.