Жылдын ушул мезгилинде чак түштө Бишкекин көчөлөрүндөгү адамдардын саны азайа түшкөндөй сезилет. Машине айдап бараткандар менен көчөдө басып жүргөндөр күндүн ысыгынан чарчашкандай.
Чакчайып тийген күндүн табы адамдарды дарактардын көлөкөсүнөн же арыктан аккан сууга жакын жерден орун табууга мажбурлайт. Кечке жуук гана көчөлөр адамдарга толуп, алардын сөздөрүндө президенттик шайлоо темасы көтөрүлө баштайт. Ага саналуу гана күндөр калды.
Көчөдө бараткан аскерлер микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Бирок “Ким президент болушу мүмкүн?” деген суроого бирөөсү: “Албетте, Бакиев!” десе, экинчиси аны тууралап, “Бакиев менен Куловдун тандеми жеңет” деп жооп берди.
Курманбек Бакиев учурда президенттин милдетин аткарып жатат. Мурда өкмөт башчылык кызматына чейин көтөрүлгөн Бакиев өлкөнүн түштүгүнөн чыккан чоң саясатчылардын бири. Ал жетектеген оппозициялык саясий кыймыл башкалар менен биргеликте ушул жылдын 24-мартында өлкөнүн буга чейинки президенти Аскар Акаевди бийликтен кетирди. Ыңкылаптан кийин Бакиев президенттик кызматка күрөштө ага негизги атаандаштыкты түзө ала турган саясатчы Феликс Кулов менен келишим түзгөн.
Ушул тапта президенттикке Бакиевден сырткары, дагы беш талапкер ат салышууда. Булар: мурдагы оппозиция лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев, омбудсмен Турсунбай Бакир уулу, мурда Акаевдин аппаратында иштеп жүргөн Кеңешбек Дүйшөбаев менен президенттикке талапкер жалгыз аял Токтайым Үмөталиева. Ал бейөкмөт уюмдар ассоциациясын жетектейт.
Бишкектин көчөлөрүндө өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, көптөр президенттик шайлоонун жыйынтыктары алдын ала эле белгилүү экенин айтып, аны жактыра тургандай эле маанайда.
Замир – 42 жаштагы куруучу. Ал бул президенттик шайлоонун жыйынтыгы мурда эле, шайлоого чейин эле белгилүү болгон деп эсептейт:
- Бизде Кыргызстанда бир кишиден башкага добуш бере турганы деле жок. Эгер саясатта да, экономикада да күчтүүрөөк бир башка талапкер болгондо, балким ошого бермекпиз, бирок андай адам жок. Азырынча бирөөгө беребиз го деп ойлоп турабыз.
Биз сураган адамдардын арасында көптөр Бакиевке добушун Кулов менен түзүлгөн келишим үчүн бере тургандыктарын айтышты.
28 жаштагы Тамерланды мындай пикирде:
- Мен баштап добушумду Куловко берейин деп ойлогом, бирок ал Бакиевдин утушу үчүн өзү талапкердигин алып салбадыбы. Эми Бакиевке берeм.
Ал эми өзүн Татьяна деп тааныштырган бул аялдын ишениминде, Кулов менен Бакиевдин тандеми жакшы болду.
- Бакиевке берем добушумду, анткени мага Бакиев менен Куловдун тандеми жагат: бири – экономист, экинчиси – юрист. Алар бир жакшы нерсе жасай алышат ко деп ишенем.
Анткен менен айрым ишкерлер президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлердин бирөөсүнө да көңүлү толбой тургандыктарын айтышты. Мисалы, 43 жаштагы Марат мындай дейт.
- Эч кимге бербей добушумду, баарынын атын чийип салам. Татыктуусу жок. Жаңы бийлик эмне иш жасайт, программасы кандай - эч кимиси айткан жок. Эртеңки күн кандай болоору түшүнүксүз. Менимче, татыктуу кандидаттар болушу керек эле.
Айрым байкоочулардын баамында, бул президенттик шайлоодо кимдир бирөөнүн өтө чоң колдоо менен жеңип чыгышы келээрки өкмөттү адамдардын көчөгө чыгып, нааразылык билдирүүсүнөн коргошу мүмкүн.
Бирок ушул тапта башка талапкерлердин арасында Бакиевдин жеңиши өтө эле айкын көрүнүп калып жатканы добуш берүү жараянынын өтүшүнө кооптуу дешет эксперттер. Анткени шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү “Биз шайлоого барсак да, барбасак да, баары бир Бакиев жеңет” деп, шайлоо чөлкөмүнө келбей коюшат деген кооптонуу бар.
Эларалык Кризис тобунун Бишкекте жайгашкан Борбор Азия бөлүмүнүн директору Майкл Холл 10-июлда көптөр шайлоого келбей коюшу деле мүмкүн дейт:
- Буга себеп: парламенттик шайлоо учурунда реформачылар менен эскичилдер ортосунда чыныгы күрөш болоору сезилип турган эле. Анын үстүнө, бул күрөштүн жыйынтыгы кандай болоору да белгисиз болчу. А бул жолу, жакшылыккабы-жамандыккабы, айтор, президенттик шайлоонун жыйынтыктары азыртадан эле белгилүү.
Серепчилердин айтымында, эгерде бул жолку шайлоодо жетиштүү көлөмдө адамдар добуш беришпесе, анда ал экинчи айлампага калып калышы да мүмкүн. Анда Бакиев менен Куловдун тандеми азыркыдай эле алдыңкы позицияны кармай алабы же ага каршы күчтүү башка саясий фигура пайда болобу? Бул суроолорго шайлоодон кийин гана жооп боло тургандай.