Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ БАШ ПРОКУРОРДУН СУНУШУН КОЛДОЙТ


Улуу Ата мекендик согуштун 60 жылдыгына байланыштуу июнь айынын этегинде Жогорку Кеңеш кабыл алган «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга вето коюу суранычы менен Башкы прокурор президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылаарын бейшемби күнкү маалымат жыйынында билдирди. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы бийликтин тушунда жасалган коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштердин бардыгы аталган мыйзамга ылайык мунапыска туш келип жатат. Мунапыска тушуккан коррупциялык жана экономикалык кылмыш иштердин катарына Башкы прокурор экс-премьер-министр Николай Танаевге, президенттин администрация башчысы Тойчубек Касымовго, «Кыргызтелекомдун» мурдагы директору Мамбеталиевге, экс-президенттин уулу Айдар Акаевге жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге байланыштуу кылмыш иштерин кошту. Башкы прокурордун мындай билдирүүсүнөн соң кабарчыбыз Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылганда, ал эгер «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам чын эле кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоол кылып жатса, Башкы прокурордун демилгесин колдоорун билдирди. Төмөндө ошол маекти сунуштайбыз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG