Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

ТАЛАПКЕРЛЕР К.БАКИЕВ МЕНЕН А.АЙТИКЕЕВДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫ ӨТТҮ


7-июлда президенттикке талапкерлер ортосундагы телетаймаштын кезектегиси өттү. Бул ирет Курманбек Бакиев менен Акбаралы Айтикеев күч сынашты. Мурдагы күнкүлөрүнөн айырмаланып бул жолку телетаймаш жандуу өттү. Талапкер Акбаралы Айтикеев мисалы, атаандашы Курманбек Бакиевге Аскар Акаевден кандай айырмаңыз бар? деген суроо узатты. Телетаймашта мындан тышкары Кыргызстандын келечеги, Аксы окуясы, Үзөнгү-Кууш сыяктуу маселелер козголду.

Акбаралы Айтикеев адегенде эле Курманбек Бакиевге чабуулга өттү. «Кыргызстанга кандай башкаруу системасы ылайыктуу?» деген суроого Курманбек Бакиев президенттик-парламенттик система ылайыктуу, деп жооп берди. Ал эми Акбаралы Айтикеевден болсо Бакиевсиз элдик бийлик, деген жооп болду.

Качан талапкерлер ортосунда бири-бирине суроо берүүгө кезек жеткенде Акбаралы Айтикеев Курманбек Бакиевге сизди Аскар Акаев колдойм деп билдирүү жасады, Аскар Акаевден эмнеңиз менен айырмаланасыз? деген суроо узатты. Ага Бакиев мени Аскар Акаев Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга карап эле колдойм дей баштады, мурда ал мени колдогон эмес деди. - Менин Акаевден айырмам чоң, - деп сөзүн улады ал. - Анткени Аскар Акаев жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жакшы көңүл бурган жок, мен атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого көңүл бурам.

Мындан тышкары талапкер Курманбек Бакиевге Аксы окуясы маалында сиз өкмөт башчы болуп иштегенсиз, 6 адамдын каза табышына сиздин кандайдыр бир күнөөм бар деп ойлойсузбу? деген суроо жолдонду.

Акбаралы Айтикеевдин мындай түз суроосуна Курманбек Бакиев менин Аксы окуясы боюнча эч кандай тиешем жок, ошону далилдеш үчүн отставкага кеткем деп жооп берди.

Өз программасы менен тааныштырган убакта Курманбек Бакиев Кыргызстанга күчтүү өкмөт, күчтүү парламент жана күчтүү президент керек деди. Бакиевдин пикири боюнча чиновниктердин санын кескин кыскартуу керек жана ийкемдүү башкаруу системасын түзүү зарыл. Бакиев саясий партиялардын мамлекетти башкаруудагы ролу мындан да артышы керек деген пикирин билдирди жана парламенттин жарымы партиялык тизме менен түзүлүшү ылайыктуу.

Ал эми өз программасы менен тааныштырган Акбаралы Айтикеев Кыргызстанда азыр абал оор болуп турганын, ошондуктан эл татыктуу талапкерге добуш бериши керектигин айтты.

«Азаттык» үналгысынын атынан азыр талкууга алынып жаткан Конституцияга өзгөртүү-толуктоолордо президент 5 жылга бир мөөнөт шайланышы керек деп жазылып турат, ушуга сиздин мамилеңиз кандай деген суроо узатканыбызда Курманбек Бакиев Кыргызстанга эки мөөнөт ылайыктуу экенин билдирди.

Курманбек Бакиевге «Агым» гезитинин атынан эгер президент болуп калсаңыз Үзөнгү-Кууш маселесине мамилеңиз кандай болот деген суроо жолдонду. Ага Кытай менен келишимге кол коюлуп, ал мурдагы парламенттин эки палатасы тарабынан ратификацияланып калган, эми ага кайрылуу кыйын болуп калды деген жооп болду.

Президенттикке талапкерлер ортосундагы телетаймаш Интерньюс баштаган эларалык уюмдардын демилгеси менен өтүп жатат жана ал КТР аркылуу элге жетүүдө. Бүгүн саат 8 жарымда баардык талапкерлердин катышуусунда телеталкуу өтмөкчү. Бирок ага Курманбек Бакиев катыша албай турганын, Ысыккөлгө кетип жатканын кечээ билдирген.

XS
SM
MD
LG