2181 шайлоо участогунун 2080и же 95,37 пайызындагы бюллетендер саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык боюнча Курманбек Бакиевге 1 млн. 312 миң 174 шайлоочу же 88,9% добушун берген.
Андан кийинки орунда Турсунбай Бакир уулу, ага 56 миң 65 адам же шайлоочулардын 3,8% добуш берген.
Үчүнчү орунду Акбаралы Айтикеев алды. Ага 52 миң 671 шайлоочу (3,57%) добушун салган.
Жыпар Жекшеев 13 821 (0,94%), Токтайым Үмөталиева 8111 (0,55%), Кеңешбек Дүйшөбаев 7424 (0,5) добуш алышты.
Баардык талапкерлерге каршы добушун 12 771 адам (0,87%) берген.
Ошентип, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев эгемен Кыргызстандын экинчи президенттигине жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгында шайланды. Бакиевдин мындай чоң ажырым менен атаандаштарын артка калтыраарын мурда эле саясат таануучулар белгилешкен болчу. Анткени Курманбек Бакиев аркылуу жалпы эл Кыргызстандын жаңылануусуна жана 24-марттагы ыңкылаптын максаттарын ишке ашырууга үмүт байлап отурушат.
Чет мамлекеттерде Курманбек Бакиевдин жеңишин 24-марттагы элдик ыңкылаптын жеңиши катары баалашууда.
Ошого карабай башка талапкерлер 10-июлдагы шайлоодо айрым мыйзам бузуулар болгонун айтышууда. Атап айтканда Жыпар Жекшеев менен Токтайым Үмөталиева 10-июлда "Азаттык" үналгысына берген интервьюсунда шайлоочуларды унаа менен ташып барып добуш бердиртүү жана тамак-аш таратуу байкалганын айтышты.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов болсо андай фактылар болгонун, бирок алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир бербегенин белгиледи.
Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча эми премьер-министрлик кызматка Феликс Кулов дайындалууга тийиш. Ал эми Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Башмыйзамга өзгөртүү-толуктоолордун жаңы долбооруна ылайык өкмөт башчысына мурдагыга караганда көбүрөөк бийлик берилет.