Көпчүлүк талдоочулар бул шайлоону 24-марттагы окуянын жыйынтыкталышы катары баалап жатышат. Болуп өткөн ыңкылап, мурдагы мамлекет башчы үй-бүлөсү менен өз Мекенин таштап качуусу, элдин жаңы бир өзгөрүүнү каалап, алга умтулуусу бул шайлоонун жыйынтыгына зор таасир этти деп эсептешет эксперттердин көпчүлүгү. Ошондуктан жайкы саратандын аптабына карабай шайлоочулардын активдүүлүгү өзгөчө болгонун жергиликтүү гана эмес, сырттан келген байкоочулар да белгилөөдө.
Акаевдин мезгилинде көптөгөн шайлоолорду өткөрүүгө түздөн-түз аралашкан Баткен областынын губернаторунун мурдагы орун басары Шадыбек Бакыбеков бул шайлоо өзгөчө маанайда өткөнүн белгилейт:
- 10-июлдагы президенттик шайлоо менин байкашымча өзгөчө болду. Себеби 24-марттагы окуядан кийин элдин көзү ачылды. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин лидер экендиги элге көрүндү. Эл бүгүн өзүнүн лидерин шайлап алды. Кудай буюрса ошол эл менен Президент бирге болсо биздин жашообуз жакшы болот.
Бирок 10-июлдагы президенттик шайлоодо админстративдик ресурстардан улам анын жыйынтыгы өтө жогору болду деген көз караштар да жок эмес. КДК партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы, талапкер Жыпар Жекшеевдин штабынын жетекчиси Эдилбек Сарыбаев биз Курманбек Бакиев 55-65 пайыз добуш менен эле утат деп болжолдоп жаткан элек, бирок 89 пайызга жеткирбедиби дейт:
- Бул шайлоону биздин байкоочулар аябай ыплас, Акаевдикинен ашып кеткен шайлоо болду деп айтып атышат. Акаевдин кезинде 89 пайыз добуш алган учур болгон эмес. Биздин божомол боюнча Бакиевдин шайланышы 55-65 пайыздын ортосунда болот эле. Бирок бул жерде админстративдик ресурс чеги жок пайдаланып кетти деп ойлоп атабыз.
Шайлоонун жыйынтыгында Курманбек Бакиевдин өтө көп добуш менен жеңишке ээ болгонун Акаевдин мезгилинде кызмат өтөгөн бийлик өкүлдөрүнүн ашыкча жасакерлениши катары баалаган көз караштар да болууда. Ага карабай шайлоонун адилет, калыс өткөнү менен макул болгон угармандар арбын.
- Мен Калыкова Бүбүсара, Бишкек шаарынын тургуну, шайлоо участогунда бирөөнү бирөө үгүттөп, буга сал, тигиге сал деп, же кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр болгон жок. Ошол Жыпар Жекшеев, анан Токтайым Үмөталиевалар Акаевдин учурундагыдай болду деп айтып атышат. Мен буга макул эмесмин.
Ал эми Атбашыдан кайрылган угарман да шайлоонун калыс өткөнү менен макул.
- Мен Атбашы районунан, Атбашы айылы Мамбетов Дөөткул, пенсионер. Мындай, ушул шайлоонун тазалыгын көралбаган кишилер ушул чындыкты кантип сезбейт, караңызчы, эл аныктабадыбы.
Бизге мына ушул сыяктуу өз пикирлерин билдирген угармандар да көп болууда.