Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

ЛОНДОНДО КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 14-июлда Британияда жана Европа Биримдигинин башка мамлекеттеринде Лондондо болгон жардыруулардын жети күндүгү белгиленди. Өлкөнүн атайын кызматтары коопсуздук чараларын күчөтүүдө, маселе Европа парламентинде дагы талкууланды.

14-июлда түштө Британияда көпчүлүк аракеттер эки мүнөткө токтоп, 7-июлдагы террор аракеттеринен курман болгондор эскерилди. Европа Биримдигине кирген башка мамлекеттерде дагы өлгөндөрдү эскерүү болду. 14-июлда улуттук майрам - Бастилия күнүн белгилеген Франциядагы салтанаттар учурунда эбегейсиз коопсуздук чаралары көрүлдү.

13-июлда Брюсселде Европа Биримдигинин укук жана ички иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Ошол эле күнү Европа парламентинин Жарандык эркиндиктер боюнча комитетинде Британиянын ички иштер министри Чарлз Кларк чыгып сүйлөп, эл аралык террорчулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Биримдиктин укук жана ички иштер боюнча комиссары Франко Фраттининин айтымында, андай катуу чаралар жарандык эркиндиктерге залалын тийгизбейт:

- Дагы бир орчундуу нерсе - тең салмактуулукту кармануу. Негизги укуктар жана эркиндиктер менен коопсуздукту камсыз кылуу ортосунда баланс жетилүүгө тийиш. Коопсуздук өзү - негизги укуктар жана эркиндиктердин болушунун шарты.

Лондондогу төрт жардыруудан 52 адам курман болуп, дагы жети жүздөй киши жараат алган. Террор аракеттерин ишке ашырган деп төрт жаш жигит шектелүүдө, алар өздөрү жардыруулар учурунда курман болгон-болбогону так белгисиз. Алар Шахзад Танвир, Хасиб Мир Хусейн, Мохаммед Садик Хан жана Линдси Жермайл, алардын үчөөнүн ата-энеси Британияга Пакистандан көчүп келген жана балдар Британияда тарбияланган. Алар жашаган Лидс шаарында 29 жаштагы адам 12-июлда камакка алынды жана дагы бир адам изделүүдө.

Бир аптанын ичинде Британиянын кээ бир аймактарында мусулмандарга каршы аракеттер көрүлүп, Ноттингем шаарында Пакистандан келген бир адам катуу сабалгандан каза тапты. Башка шаарларда дагы жергиликтүү тургундар мусулмандарга каршы чыккан учурлар катталууда, эксперттер болсо - эмне үчүн Батышта туулуп-өскөн жаштар экстремисттик диний көз карашка өтүп, жанкечтилик аракеттерге барып жатканын изилдей баштады.

2001-жылдын сентябрында АКШга каршы террор аракеттери көрүлгөндөн көп өтпөй, Британия жараны Ричард Рейд 23-декабрда бут кийимине жарылуучу зат катып алып, Парижден АКШга учуп бараткан учакта жардыруу уюштурууга аракеттенген. 2003-жылдын 30-апрелинде дагы бир британ жараны Асиф Ханиф Тель-Авив шаарындагы кафеде өзүн өзү жардырып жибергенден дагы үч адам курман болгон. 2004-жылдын 27-октябрында Францияда туулган Абделхалим Бужуж Ирактын Фаллужа шаарында өзүн өзү жардырган.

Мындай учурлар акыркы мезгилде улам көбөйүп баратат жана белгилүү британиялык кинорежиссер Кен Лоач Рим шаарында өтүп жаткан фестивалда чыгып сүйлөп, батыш коомунда мусулмандар кемсинтилет, ошондуктан кээ бир жаштар экстремисттик чараларга барууда деп билдирди. Италиялык эксперттердин пикиринде болсо, эмки террор аракети Италияда уюштурулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG