Жолугушууда ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерле адегенде президент Курманбек Бакиевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
Курманбек Бакиев шайлоо ачык жана адилет өтүшүнө ЕККУ өзүнүн сунуштары менен чоң салымын кошкондугун айтты. Ошондой эле Бакиев мырза Кыргызстанда акыркы 14 жыл ичинде бир да шайлоо 10-июлдагы президенттик шайлоодогудай ачык жана адилет өткөн эмес деп баса белгиледи. Ошону менен бирге Курманбек Бакиев Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтык мындан ары да улана берет деген ишенимин билдирди да, экономикалык программаларга көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгн айтты. Бакиевдин айтымында, ал президент катары ириде жумушсуздукту жоюуга, ата мекендик өндүрүштү өстүрүүгө болгон аракеттерин жумшайт.
Ал эми Алоиз Петерле мырза Кыргызстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөндүгүн айтып, Бакиевдин экономиканы көтөрүү боюнча басымы туура кадам экенин айтты:
- Шайлоо ачык, адилет жана таза өттү. Бул жагдай бизди кубандырбай койбойт. Жаңы президенттин элдин ишенимин акташ керек деген жоопкерчилиги да жогорулады. Ал эми Бакиевдин экономикага басым жасайм деген кадамы туура деп ойлойм. Ошондой эле Кыргызстандагы Конституциялык реформаны жүргүзүү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгыбызды уланта бермекчибиз .
Ошондой эле Петерле мырза Курманбек Бикаев менен Кыргызстандын эл аралык абройу тууралуу сүйлөшкөндүгүн айтты:
- Биз Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы тууралуу сөз кылдык. Бул маселе боюнча ЕККУнун төрагасынын демилгеси бар. Кыргызстанда абал турукташып калганы сезилип турат, бул туруктуулук Кыргызстандын өнүгүшү үчүн зарыл.
Мындан тышкары 18-июлда Алоиз Петерле өлкөнүн тышкы иштер министри Роза Отунбаева менен жолугушкан. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу учурунда негизинен Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери каралган.
Ошондой эле эки тарап 10-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, регионалдык жана эл аралык кызматташтык жана Кыргызстандын мындан аркы демократиялык өнүгүшүнүн кадамдары боюнча пикир алмашышкан.
Cүрөтто: ЕККУ өкүлдөрү КР биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен