АКШ менен Индиянын карым-катнашын бекемдөөгө арналган сөзүндө Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх Индия өзөктүк технологияны бекем сактай турганын ырастады жана анын сөзү кол чабуулар менен коштолду.
- Биз эч качан бул опурталдуу технологияны тез жайылтуучу булак болгон эмеспиз жана болбойбуз.
Президент Буш менен аскердик эмес багыттагы өзөктүк кубат жаатында кызматташуу тууралуу жетишилген келишимден кийинки бул сөз АКШ Конгрессинин эки палатасынын орток жыйынында жасалган сейрек билдирүү болуп калды.
Кошмо Штаттардын өкмөтү Индиянын аскердик эмес табыттагы өзөктүк программасына жардам бериши үчүн Конгресс өлкөнүн мыйзамдарына киргизилчү өзгөрүүлөрдү жактырышы керек.
АКШнын мыйзамдарына ылайык, Индия өңдүү Атомдук энергия боюнча эларалык агенттикке өзүнүн өзөктүк каражатын текшерүүгө уруксат бербеген өлкөлөргө Кошмо Штаттары өзүнүн өзөктүк чийки затты жана реактор сыяктуу жабдуларды берүүгө акысы жок.
Индиялык премьердин айтымында, анын өлкөсүнүн өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу отчету “мамлекеттин бул жааттагы максаттары эң таза” экенин айгиниледи. Ал Индиянын мисалын коңшулаш Пакистан боюнча отчет менен салыштырып, бул өлкөнүн өзөктүк программасынын “атасы” катары белгилүү Абдул Кадыр Хан жетектеген көмүскө тармактын табылып калышынын айынан Пакистан өзүнө карата ишенимди жоготконун айтып өттү:
- Биз бул иште ар бир эреже менен нормаларды кылдат карманганга аракет кылдык. Биздин кошунабыз өзөктүк технологияны көзөмөлдөөсүз жайылтып жибергенине жана бул аракети менен биздин коопсуздукка коркунуч жаратканына карабастан, биз бул нугубуздан тайган жокпуз.
Анткен менен өзөктүк куралды таркатпоо боюнча бир катар адистер дүйшөмбү күнү жасалган бул билдирүүлөрдү тынчсыздануу менен кабыл алышты. Алардын бири Леонард Спектордун айтымында, эми Пакистан менен Израил АКШ менен ушул сыяктуу келишим түзүүгө далалат жасашы ыктымал.
- Эми Пакистан менен Израилге да ушул эле багытта мамиле жасоо керек деген өңдүү тынчсыздануу жаралат. Эгер эларалык инспекторлорго өздөрүндөгү өзөктүк каражаттарды текшертпеген эле мамлекеттерге мындай мүмкүнчүлүктү бере берсеңиз, балким, Түндүк Корея да өзүнөн кабар берип калаар. Өзөктүк кубатты эларалык текшерүүдөн өткөрбөгөн өлкөлөргө өзөктүк технология боюнча кызматташууга тыйуу салган эрежелер бар. АКШнын соңку кадамы өзөктүк материалдар менен жабдуу тобунун эрежесинен да чегинүү катары таанылышы мүмкүн. Эми кырдаал кандай өнүгөөрүн көрө жатарбыз, - дейт өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Монтерей борборунун серепчиси Леонард Спектор.