Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

ИРАКТА ЭКИ СУННИ САЯСАТЧЫСЫН АТЫП КЕТИШТИ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул тапта Ирактын бийлигинде шийилер көптүк кылат. Тең салмактуулукту сактоо ниети менен саясий жараяндарга сунни-саясатчыларын да тартуу аракетинен майнап чыгаары ушул шейшембидеги окуядан кийин бир топ эле күмөн саноолорду жарата баштады. Өлкөнүн Конституциясын жазуу ишине чакырылган эки сунни саясатчысын белгисиз бирөөлөр 19-июлда атып кетишти. Бул окуядан кийин, Баш мыйзамды жазууга катышып жаткан бир катар башка сунни-мусулмандар аталган милдеттен баш тартышкандыгы кабарланууда.

Шейх Мийбал ал-Шейх Исса менен Тамин Хуссеин шейшемби күнү Багдаттын борборундагы ресторандардын биринен чыгып бараткан жеринен аларды атып кетишти. Бул эки саясатчы сунни-мусулмандарынын өкүлдөрү жана мамлекеттин Конституциясын жазууга жардамдашып жатышкан эле. Конституцияны жазуу боюнча Комитеттин формалсыз кеңешчиси Азиз Ибрагим Лауи да өлтүрүлгөн.

Ирактын Улуттук Диалогу деп аталган топ өлкөдө сунни-мусулмандардын бир катар топторунун башын бириктирип турат. Анын өкүлү шаршембиде ырастагандай, Конституцияны жазуу боюнча Комитетке мүчөлүккө алынган уюмдун төрт өкүлү өз мүчөлүктөрүнөн баш тартышты.

Юст Хилтерман - Эларалык Кризис тобунун жакынкы Чыгыш боюнча долбоорун жетектейт. Анын айтымында, сунни саясатчыларын Иракта саясий жараяндарга каршы чыккандар өлтүргөн болушу мүмкүн.

- Менимче, бул жолку кол салуу буга чейин Ирактын саясий турмушуна активдүү катышуу каалоосун билдиргендер келтирген коркунучтардын ордун толтуруу аракети болду. Муну өлкөдө саясий процесс болушун такыр каалабай, ишти үзгүлтүккө учуратууну самагандар, эч кандай саясий карым-катнашты жактырбагандар кылган болушу мүмкүн. Өлгөндөрдүн арасында Ирактын Улуттук Диалогу уюмунун өкүлү Мийбал Шейх Исса да бар. Ал шийи жана күрд саясатчылары менен көпчүлүк учурда тил табыша албаса да, саясий жараянга активдүү катышуу каалоосун билдиргендерден.

Өткөн айда сунни саясатчыларынын азчылыгы Конституцияны жазуу боюнча Комитетте өз өкүлдөрүнүн көп болушун талап кылып, акыр аягында 15 сунни саясатчы Комитетке мүчөлүккө алынган.

Ирактын Улуттук Ассамблеясынын өкүлү Хажим Ал Хассани шейшембиде “сунни саясатчыларын өлтүрүү өлкөдө бир эле диндин багыттары арасында ажырымдын зордук-зомбулугун жаратуу далалаты болду” деди. Кол салуу Ирактын жетекчилиги жана Бириккен улуттар уюму тарабынан да катуу айыпталды.

Өткөн аптада жанкечтинин жардыруусунан Багдатта 15 жаш бала набыт болгон. Ал эми Мусайиб деген жердеги жардыруудан 90го жакын адам мерт кетти. Ал жерде өлгөндөрдүн көпчүлүгү шийилер болчу. Алар намаз окуганы мечитке баратышканда жардыруу болгон.

Айрым байкоочулардын айтымында, эгерде өлкөдө адамдарды өлтүрүүлөр тезинен токтобосо атуулдук согуш тутанып кетиши да ыктымал.

Шейшембиде сунни саясатчыларын атып кетишкенге чейин өлкөнүн президенти Жалал Талабани “Конституцияны жазуу иши белгиленген мөөнөттөн мурда бүтүп калышы мүмкүн” деген болчу.

XS
SM
MD
LG