Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Университет округунда кайра шайлоо 18-сентябрда болот


БИШКЕК. Парламентке университет округу боюнча кайра шайлоо 18-сентябрга белгиленди. Бул чечим БШКнын 25-июлдагы жыйынында кабыл алынды. Аталган округ боюнча парламенттик шайлоодо Бермет Акаева жеңишке ээ болгон. Бирок 16-майда БШК бул округдагы шайлоонун тыянагын жараксыз деп таап, Бермет Акаеваны депутаттык укугунан четтеткен. Кийинчерээк Бермет Акаеванын арызын караган Биринчи май райондук соту Борбордук Шайлоо комиссиясынын чечимин негиздүү деп тапкан. 30-июнда болсо Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

БШКнын 25-июлдагы жыйынында мындан сырткары Куршаб жана Курулуш шайлоо округдарындагы кайра добуш берүүгө бюллетендерди даярдоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Аталган округдарда кайра добуш берүү 31-июлда өтөт.

XS
SM
MD
LG