Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

ИТАЛИЯДА КАРМАЛГАН ОСМАН ХУСЕЙНДИ БРИТАНИЯ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮНҮ СУРАНДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Британ полициясы Лондондогу жардыруулар боюнча иликтөө иштерин улантууда. Ага карабастан, шаарда жаңы жардыруулар болушу мүмкүн деген коркунуч жоголо элек.

Ушул тапта полициянын колунда жалпысынан 11 адам кармалып турат. Алар 21-июлда шаарда жардыруу жасаганга аракет кылгандар деген шек менен суракка алынып жатышат. Кармалгандардын арасында буга чейин сүрөттөрү жарыя кылынган төрт адам да бар. Алардын бири, 27-жаштагы Осман Хусейн, италиялык полиция тарабынан Римде колго түшүрүлгөн. Түп теги эфиопиялык британ жараны Осман Хусейнди да 21-июлда жардыруу жасаганга далалат кылгандардын бири деп шектеп жатышат. Хусейн журналисттерге “Бул жардыруулар Ирактагы согушка болгон нааразылыкты билдирет” деп айтканы бар.

Италиянын Ички иштер министри Гусепп Писану ишембиде өлкөнүн парламентинде сүйлөгөн сөзүндө шектелгендерди кармоо иши Италиянын жана Британиянын полицияларынын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгы экенин айтты. Ошондой эле ал иликтөө иштеринин натыйжасында, Хусейн Лондондогу жардыруулардан кийин, кайсыл жактар менен Римге келгени дайын болгонун кабарлады.

- Иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянып айтсак, Италиядагы эфиопиялык жана эритреялык коомчулуктардын өкүлдөрү Хусейндин изин жаап-жашырууга аракет көргөнү байкалат.

Хусейн өзүнүн агасынын үйүндө кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал жардыруулардан кийин Лондондон Парижге поезд менен барып, андан ары Миланга багыт алган. Кийинчерээк Миландан Римге келген. Мунун баарын анын чөнтөк телефонунун ишинен билүүгө дайын болгону кабарланды. Бүгүн Осман Хусейндин бир тууган агасы да кармалганы маалым болду.

Анткен менен, шектелген негизги адамдардын кармалышынан кийин деле иликтөө иштери басаңдап калган жок. Британ полициясы Англиянын түндүгүндөгү Лестер шаарынан дагы эки адамды кармады.

Ушул тапта полиция алдына койгон максат – жардырууларды уюштуруп, каржылагандарды жана жардыргыч заттар менен камсыздагандарды табуу. Андан сырткары, 21-июлда жардырууга көрүлгөн аракеттер менен ага чейин, 7-июлда болгон ири жардыруулар ортосунда байланыш бар-жогун аныктоо. Бул эки башка жардыруулар боюнча айыпталгандардын көпчүлүгү түпкү теги Пакистандан жана Африка өлкөлөрүнөн келгендер болуп чыгышты.

Италиялык министр Писану айткандай, Римде кармалган Осман Хусейн Италиядагы африкалыктар менен байланышта турган.

- Тактап айтканда, Осман Хусейн Миланда африкалыктар менен байланышта турган. Мисалы, Миланда Османдын дос кызынын атасы жашайт.

Британиялык полиция Италия өкмөтүнө Осман Хусейнди өткөрүп берүүнү суранды. Анткен менен Османдын адвокаты Италия бийликтери Осман Хусейнди Британияга өткөрүп бербөө үчүн күрөшөөрүн билдирди. Байкоочулардын айтымында, шектелип жаткан адамды Британияга өткөрүү иши бир канча жумага, а балким, айларга созулуп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG