Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ УЛАНУУДА


Бишкектеги Горький аянтында темир жол бакшармалыгынын он чакты жумушчусу дээрлик үч жарым айдан бери нааразылык акциясында отурушат. Алардын бири Гүлнара Керимбаева эгерде бийлик сөзүн угуп, талабын аткарбаса, Кыргызстандын президенти ант бере турган күнү өзүн-өзү өрттөй тургандыгын айтууда.

Темир жолчулардын наарызылыгы апрель айында эле башталып, алар башкармалыктын жетекчиси Нариман Тулеевдин жумуштан кетүүсүн талап кылып чыгышкан. Эки айдан кийин алардын талабы боюнча Тулеев кызматтан алынып, анын ордуна мурунку депутат, инженер-экономист Кыдыкбек Исаев темир жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Бирок нааразылык чарасынын катышуучулары буга да нааразы болушуп, акцияны кайра улантышкан.

Нааразылык чарасынын катышуучуларынын бири Эрнис Докенов бийлик муну менен бизди алдап койду дейт:

-Бизди Тулеевди жумуштан алуу менен эле алдап коюшту. Азыркы жетекчи Кыдыкбек Исаев дагы Тулеевдин кишиси. Азыр деле иш жүзүндө башкармалыкты Тулеев башкарып жатат.

Эрнис Докенов темир жолго темир жолчу адис коюлмайын, кыргыз темир жолунун абалы оңдолбойт деген пикирин да билдирди.

Нааразылык акциясынын катышуучулары азыркы жетекчилик темир жолду акционерлештирип, андан ары банкрот деп жарыялап, жоюп жиберүүнү көздөп жатышат деген дооматты да коюшууда.

Ал эми темир жол башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Исаевдин айтымында аталган башкармалык мурунку жетекчилер иштеген мезгилде Орусия менен Казакстандын темир жолдорун пайдалангандыгы үчүн белчесинен карызга баткан. Жетекчинин сөзү боюнча учурда ошол карыздар четинен төлөнүп, темир жолду жок кылууга эмес, тескерисинче сактап калууга аракеттер көрүлүп жатат:

- Кыргыз темир жолу он жылдан бери Орусия менен Казакстандын темир жолдорун пайдаланганы үчүн аябай көп карызга баткан экен, Орусияга 7 млн доллар, Казакстанга 6 млн доллар карызыбыз бар. Биз төрт айдын ичинде бересебизди 50 млн. сомго азайттык, ал эми 25 млн. сом аласабызды өндүрдүк. Убагында төлөнсө ушундай болмок эмес, он жыл бою эч ким төлөбөптүр.

Нааразылык акциясынын катышуучулары ачкачылыкта отурган мезгилде жетекчилик тарабынан айрым жумушчулар иштен алынганын айтышып, алардын кайрадан жумуш менен камсыз болушун да талап кылышууда.

Бул тууралуу акциянын катышуучуларынын бири Гүлнара Керимбаева мындай деди:

- Нааразылык акциясына чыккан беш кесиптешимди эч себепсиз эле жумуштан бошотуп салышкан. Аларды кайра жумушка орноштурсун.

Гүлнара Керимбаева эгерде талаптары аткарылбаса, Кыргызстандын президенти ант берүүчү 14-август күнү Алатоо аянтында өзүн-өзү өрттөй тургандыгын да кайталады:

- Биздин талаптарыбыз 14-августка чейин аткарылса, жетекчи темир жолду жакшы билген адиске алмаштырылса гана мен сөзүмдү кайра алам. Андай болбосо өзүмдү өрттөөдөн кайтпаймын.

Темир жол башкармалыгынын жетекчиси нааразылык акциясынын катышуучуларынын дооматтары негизсиз деп эсептейт. Жетекчи Кыдыкбек Исаев булардын артында башка бир адамдар отурат деген оюн билдирди:

- Бул акциянын артында башка бир адамдардын кызыкчылыгы бар. Нааразылык көрсөтүп жатышкан темир жолчулар ошолордун тукуруусу менен отурушат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG