Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

АПАС ЖУМАГУЛОВ: “ОРУСИЯ-КЫРГЫЗСТАН АЛАКАСЫ АЗЫРКЫДАН ДА ЖАКШЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ БОЛУШУ КЕРЕК”


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Апаc Жумагулов “Азаттыктын” кабарчысына маек куруп, эки өлкө алакаларын азыркыдан да жакшы деңгээлге көтөрүү үчүн элчиликтин жасап жаткан аракети, Кыргызстандык эмгек мигранттарын мыйзамдуу жумушка орноштуруу камылгалары, мурдагы президент Аскар Акаев менен элчиликтин мамилеси тууралуу кеп салды.

- Элчи мырза, мурда ачыгын айтканда, биздин Орусиядагы элчиликке келиш татаалыраак эле. Азыр өзүңүз менен жүздөшүп олтурамын. Биринчи кепти астыда турган максаттан баштасаңыз.

- Биринчиден жылуу сөзүңүзгө рахмат! Мен сөздү улантуу катары бир нерсени айтып кетким келет. Мен элчиликке келем деген эч кандай оюм жок болучу. Жаш келип калганда пенсияга чыгып, бала-чака, небере эрмегин көрүп үйдө болоюн деген элем. Бирок турмуш ушундай экен, үч айдан бери бул жерде иштеп атабыз. Биздин негизги максат – Орусия менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерди жакшы деңгээлге көтөрүш. Албетте, буга чейин да жаман деңгээл болгон дебейм. Ал туура болбойт. Көп эле иштер жасалып атты. Көп эле иштер ишке ашып атты. Бирок Орусия менен Кыргызстан ортосундагы байланыш башкараак деңгээлде болуш керек деген ойдомун.

Биз алгач кайсы жерде кандай мекемелер салынат экен? Кайсы жерде кандай мекемелерде жумушчу күчү жетпей аткан экен? Кайсы кесиптеги жумушчулар керек экен?- деген суроолорго жооп алуу үчүн Орусиядагы бүтүндөй обулустарга кайрылдык. Ушуларды тактап туруп анан обулуска кайрылып, анан ал обулустан баланча мекемеге, зоот-фабрикага бастанча адистер керек деген маалымат алып туруп, айлыгы мынча болот, жатаканасы чечилет, жол киреси өзүнөн дедирип - жол киресин да төлөп беремин дегендер да болуп атат. Ушулардын баарын тактап, кыргызстандыктарды мыйзам жолу менен иштетели деп атабыз. Бир мисал айтайын, Мен кечээ эле Жалалабад жана Баткен облустарынын жетекчилерине кат жибердим. Смоленск шаарында өтүк тиккен фабрика бир жүз элүү киши алабыз дешти.

- Орусиялык маалыматтарда Орусия жакында Кантагы учактар базасын дагы кеңейтет, ал жердеги аскерлер санын арттырат деген кеп бар. Ушул сөздүн чын-төгүнү канчалык?

- Азырынча бул маселе боюнча ырасмий түрдө кеп боло элек. Ал база жаңы база да. Эки эле жыл болбодубу. Ошондуктан чечилбеген маселелерин чечип, ички шартын жакшыртып, ал жерде иштеген офицерлерге үй-жай маселелерин түзүп берип дегендей, ушундай маселелерди чечип атабыз. Иши кылып, базаны мыктылайбыз деген сөз бар. Ал өзүнүн планы менен чечилип аткан маселелер. Бирок аны кеңейтет экен, эки эсе-үч эсе ушундай болот экен деген сөздөр жок. Ошон үчүн жок нерсени айтып эмне кереги бар?

- Элчи мырза, дагы бир суроо бар. Маскөөдө кеп болуп аткандан кийин биздин мурдагы президенттин дарегин уксак деп эл кулак түрүп тургандыр. А киши менен байланыш барбы, мындан аркы пландары сиздерге белгилүүбү?

- Аскар Акаевич жөнүндө эч кандай бизде маалымат жок. А киши бизге эч качан кайрылган жок. Биздин өзүбүздүн сурообуз же маселебиз болбогондуктан биз деле кайрыла алган жокпуз. Жакын арада, 31-августа кыргыз элинин, бүт эле кыргызстандыктардын чоң майрамы болот эмеспи. Кудай буюрса ушул майрамга чакырабыз, келе алса келет. Бирок биздин а киши менен азырынча байланышыбыз болгон жок. Ошондуктан, өзүм көрбөгөндөн кийин, укпагандан кийин өздөрүнүн оозунан сөз укпагандан кийин имиш сөздөрдү айткым келбейт.

- Маегиңизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG