Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Мамат Орозбаевдин арызы сотто карала баштады


БИШКЕК. Биринчи май райондук соту № 39-Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан талапкер Мамат Орозбаевдин Борбордук шайлоо комиссия чечимине каршы арызын 15-августа карап, ишти кароону 16-августка калтырды. Куршаб шайлоо округунун үч шайлоо участогунда кайра добуш берүү 31-июлда өткөрүлгөн.

Округдук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар орун алгандыгын белгилеп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарып, депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаровдун жеңишке ээ болгондугун тааныган.

Көп өтпөй Мамат Орозбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаев ат салышкан.

XS
SM
MD
LG