Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Бажы тармагындагы коррупция иликтенүүдө


БИШКЕК. 15-августта өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаров бажы тармагынын кызматкерлери менен жолугушуп, жыйын өткөрдү. Баш прокурор 2000-жылдан тарта бажы тармагында орун алган коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады. Анын айтымында, Башкы прокуратура бир катар чет мамлекеттер менен байлынышып, бул тармактагы коррупциялык иштерди иликтөөдө. Бекназаров белгилегендей, соңку жылдары бажы тармагындагы кирешенин үчтөн бир бөлүгү гана мамлекеттик бюджетке түшүп, калган бөлүгү жең ичинен жок кылынып келген. Баш прокурор бажы тармагынын кызматкерлерин коррупцяилык иштердин бетин ачууга, аларды иликтөөгө жардамдашууга чакырды. Өткөн аптанын аягында коррупциялык иштерге катышы бар деп күнөөлөнгөн үч бажы кызматкери камакка алынган.

XS
SM
MD
LG