Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

ЖӨӨТТӨР ГАЗАДАН ЧЫГЫП КЕТЕ БАШТАШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгарылып кете баштады. Дүйшөмбүдөн тарта, Газа тилкесинде израилдик жарандардын жүргөнү мыйзамсыз болуп саналат. Жөөт кыштактардын бешөөндө тургундар чыгып кетүүдөн баш тартып жатышат. Аларга почта аркылуу атайын маалымдамалар жөнөтүлдү. Эгерде шаршемби күнү да тургундар чыгып кетүүдөн баш тарта турган болсо, аларды аскерлер тилкеден күч менен чыгарып кетишет.

14-августта израилдик аскерлер 21-кыштакка кире турган жолдорду тосмого алышты. Андан көп өтпөй кыштактардын тургундарына, баары болуп, 8 жарым миңдей кишиге кыштактактардан шейшембинин түн ортосуна чейин көчүп кетүүнү талап кылган эскертүү жиберилди. Палестиндер Израилден 1967-жылы басылып алынган аймактардын баарын, кайтарып берүүнү талап кылып келишкен.

Бирок миңдеген жөөт тургундары ушул шаршембиге чейин көчүп кетүү талабын аткаруудан баш тартып жатышат. Батыш жээктеги 120 жөөт кыштактын төртөөндө ушундай эле чаралар көрүлдү.

Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон сунуш кылган план боюнча, эгерде жөөт көчмөндөр 17-августка чейин өз ыктыяры менен көчүп чыгышпаса, кыштактардан күч менен чыгарылышат.

Дүйшөмбү күнү таң заары менен Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн куралсыз аскерлери үйлөрдүн эшиктерин тыкылдатып, жөөт жарандарын көчүп кетүүгө үндөп жүрүштү. Шаршембиден баштап коопсуздук аскерлери жөөт кыштактары куралчан кыдырышат. Бирок куралдарын алардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда гана колдонушат.

Газа тилкесинин жүздөгөн жөөт тургундарына үйлөрүн өз ыктыяры менен таштап, Израилдин аймагына көчүп баргандыгы үчүн өкмөттөн кенемте акча берилет. Бирок беш миңдей көчмөн андай келишимге кол койуудан баш тартышты. Иерусалимде дүйшөмбү күнү премьер Шарондун кеңсесинин алдында жүздөгөн жөөт көчмөн чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү.

- Мен бул жерге өзүмдүн нааразычылыгымды, Израилдин жана эл аралык мыйзамдардын одоно бузулуп жатканына нааразылык билдирүү үчүн келдим, - деди демонстранттардын бири.

Байкоочулар алдындагы операцияны Израилдин тарыхындагы өтө оор күндөр катары баалап жатышат. Дүйшөмбү күнү “Хаарец” гезити бул күндү баардык израилдиктердин аза күтүүсү катары сыпаттады. Израилдин турак жай жана курулуш министри Цицкак Херцог да бул жараянды жөөттөрдүн жүрөгүн сыздаткан, ооруксун процесс катары баалап, булдарды айтты:

- Бул күн Израилдин тарыхындагы өтө оор күндөрдүн бири катары муундардын эсинде калат. Израилдиктерди үйлөрүнөн сүрүп чыгаруу менен биз абдан оор түшүктү мойунга алдык, - деди министр.

Жекшемби күнү Газа тилкесинде эң чоң жөөт кыштак Невехте Калимдин тургундары мүрзөгө чогулуп, оо дүйнө кеткен тууган-туушкандары менен жакындарынын арбактарына сыйынып, колдоосун өтүнүштү. Алардын ичинде туугандарынын мүрзөлөрүнөн топурагынан түйүп кетип жаткандар да бар. Башкалары болсо Израилдин аймагына жайгашкан соң, туугандарынын сөөктөрүн алып кетмек болуп жатышат.

“Хаарец” гезитинин айтымында, шейшембиде 400дөй жаш жигит-кыздар Гуш Катиф деген жерге баруучу жолду тороп, премьер-министр Ариэль Шарондон жөөт көчмөндөрүн чыгарып кетүү пландарынан баш тартуусун талап кылышты.

Анын аралыгында, Палестин лидери Махмуд Аббас израилдик аскерлердин Газа тилкесинен чыгарылып кетишин, аскерлердин Батыш Жээктен чыгып кетүүсүнө карай жасалган маанилүү кадам катары баалады. Ал эми Израилдин вице-премьери Шимон Перес бул күн Израилдик демократия үчүн маанилүү күн болуп калаарын белгиледи. Өкмөт менен парламент кабыл алынган токтомду өтөлүнө чыга аткарууга жөндөмдүү экенин көрсөтүштү, деди ал.

XS
SM
MD
LG