Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Качкындар маселеси кандай чечилет?


БИШКЕК. Кыргызстандагы 15 өзбек качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселеси учурда башкы прокуратурада каралууда. Бул тууралуу 15-августта баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» маалымдады. Баш прокурордун айтымында, Швеция, Финляндия жана Нидерландынын өкмөттөрү 12 өзбек атуулун кабыл алууга макулдук берген эмес. Алар тек гана аларды өзбек бийлигине өткөрүп бербей турууну өтүнүшкөн. “Эгерде үчүнчү өлкөлөр качкындарды кабыл алууга даяр болушса, алар өткөрүлүп берилет”, - деп билдирди Бекназаров. Учурда БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын эки өкүлү Ош шаарындагы убактылуу абакта кармалып, оор кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүп жаткан өзбек бозгундары менен жолугушуп, аларга байланыштуу материалдар менен таанышуу иштерин улантышууда. Ал эми буга чейин тышкы иштер министрлиги Европанын үч өлкөсүнүн өкмөттөрү Кыргызстанда калган качкындарды кабыл алууга даяр экендигин расмий билдирген ноталарын жолдогондугу тууралуу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG