Тараптардын саясий “аркан тартыштары” алдыдагы жетимиш эки сааттын ичинде бүтпөсө, анда өкмөт таркатылып, парламентке жаңы шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Жаңы парламент жаңы комиссия түзүп, Конституциянын долбоору кайра жазылышы керек. Мындай абал экстремисттердин чырагына май тамызып, алардын каршылыгын күчөтүшү ажеп эмес.
Президент Жалал Талабанинин маалымат катчысы Камран ал-Карадаги сүннүлөр федерализм принцибине каршы болуп жатканын ырастады. Сүннүлөр борборлошкон күчтүү өкмөт болушун, бирок провинцияларга кеңири укуктар берилишин талап кылышууда. Аларды, албетте, күрттөрдүн федерализми да кабатыр кылууда. Бирок башкы талаш – түштүктөгү федерализмде. Эгер шейиттер өзүнчө автономияга ээ болсо, сүннүлөр муну өлкөнү бүлүнтүү болот дешет.
Экинчи бир байкоочулар кептин баары мунайда экенин, анын запастарын бөлүштүрүүдө жатканын айтышат. Мунай - Иракта мамлекеттик экспорттун башкы булагы. Ал негизинен шейиттер байырлаган түштүктө жана күрттөр отурукташкан түндүктө өндүрүлөт. Ирак федерацияга айланса, мунай сатыгынан түшкөн киреше да негизинен шейиттер менен күрттөрдүн энчисинде калат.
Күрттөр менен шейиттердин өкүлдөрү алдыдагы күндөрдө мунаса табылбаса, азыркы долбоорду 15-октябрда элдик референдумга чыгарууну эп көрүп жатышат. Сүннүлөр мындай кадам өтө калпыс болорун, өлкөдө кырдаал кескин курчуп кетерин, буга эл аралык коалиция, Кошмо Штаттары да каршы экенин эскертишүүдө. Вашингтон сүннүлөрдүн саясий процесстен чыгып калышын таптакыр каалабай турганын кайрадан ырастады.
Сүннүлөрдүн негизги саясий бирикмеси – Ирак ислам партиясынын басма сөз катчысы Баха Алдин Абдул Ходир АКШ жана башка өлкөлөрдүн кысымы астында жүйүр сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүнө, натыйжада тараптар тийиштүү мунаса табарына ишенич билдирди.
Деген менен октябрдагы референдум иштин баарын ойрондоп салышы да ыктымал. Эгер үч эле провинцияда эрезеге жеткен калктын үчтөн эки бөлүгү документке каршы добуш берсе, анда Конституция күчүнө кирбейт. Сүннүлөр ортолук Ирактагы төрт провинцияда астамдык кылышат.
Байкоочулардын көбү октябрды Ирак үчүн күрдөөсү кыйын саясий дабаан болот дешет. Эгер өлкө бул ашуундан ат-көлүгү аман өтсө, анда кийинки процесстер бир кыйла шыдыр кетиши мүмкүн.