Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

ӨКМӨТ ТҮЗҮМҮ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президенттин буга чейинки жардыгы менен өкмөт башчылык кызматка Феликс Кулов дайындалды. Баш мыйзамга ылайык, эми жакын арада өкмөттүн курамы жана структурасы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун маалыматына караганда, өкмөттүн структурасы боюнча буга чейин бир нече жыйын, талкуулар өткөрүлүп, анын соңку варианты мамлекет башчынын кароосуна берилди. Жакын арада ал Жогорку Кеңешке сунушталат.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, өкмөттүн структурасын өзгөртүү жана административдик реформа жүргүзүү март ыңкылабынан кийин эле коомчулукта айтыла баштаган. Шайлоодо жеңип чыккан мамлекет башчы Курманбек Бакиев элге ант бергенден кийин дароо эле өкмөттүн жаңы стуруктурасын иштеп чыгууну Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жетектеген бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.

Андан бери бул максатта коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече курдай жыйын, талкуулар өткөрүлдү. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун билдиришинче, адегенде өкмөттүн түзүмү боюнча ондон ашуун ар түрдүү сунуш-пикирлер топтому болсо, анын саны эки, үчкө чейин кыскарды. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө Аскар Акаевдин мезгилинде жоюлуп кеткен айрым министрликтер кайрадан калыбына келтирилип, айрымдары кыскартылды же жоюлду:

- Өкмөттүн түзүмү толук түзүлүп бүтө элек. Ошондой болсо да айрым жерлери такталды. Маселен, Маданият министрлиги түзүлө турган болду. Бул боюнча чечим кабыл алынды.

Мамлекеттик катчы мындан сырткары өкмөттүн түзүмү боюнча иштелип чыккан варианттар мындан бир нече күн илгери мамлекет башчыга сунушталгандыгын жана ал жакын арада Жогорку Кеңештин кароосуна берилээрин да маалымдады.

Ошентип, азырынча өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу коомчулукка ачык маалымат бериле элек. Ошол эле мезгилде коомчулукта өкмөттүн түзүмү кандай болуш керектиги тууралуу түрдүү сунуш-пикирлер айтылып келет.Маселен, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиев мындай пикирде:

- Өкмөт түзүмү орто эсеп менен он беш министрлик болуш керек. Анын ичинен мамлекеттик комитеттердин баарын жоюш керек. Вице-премьерлерден болгону бирөөн калтырса болот. Ошондо гана өкмөттүн иши натыйжалуу болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өкмөттүн түзүмүн эле өзгөртпөстөн, келечекте президенттик администрация менен өкмөт аппараттарынын ортосундагы кайталоочулуктарды жою максатында да реформаларды жасоо зарыл дейт:

- Мурдагы администрация учурунда өкмөткө баш ийбеген көптөгөн структуралар президенттик администрациянын алдында түзүлгөн. Натыйжада эки баштуу өкмөт түзүлгөн. Ал өз мезгилинде ишкерчиликке абдан салакасын тийгизип келген. Анткени менен соңку учурларда темир жол, авиация жана башка биртоп өкмөттүн структуралары өкмөттөн бөлүнүп, түздөн-түз президенттик администрацияга баш ийип калды. Анын баарын кайрадан оңдош керек.

XS
SM
MD
LG