Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

ООГАНСТАН МЕНЕН ИРАНДА БИЛИМ АЛУУ ОҢОЙ ЭМЕС


Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттерде жаңы окуу жылына саналуу күн калды, айрымдарында окуу мурдараак башталды. Ар бир ата-эне баласына мыкты билим берүүнү каалайт, тилекке каршы, андай мүмкүндүк баарынын эле колунан келе бербейт. Балдардын жетиштүү билим албай калышына айрым өлкөлөрдө ата-энелер, мугалимдер, же жаштар өзүлөрү себепкер болсо, Ооганстан менен Иранда ага жакырчылык жана коомчулуктун кыздарга карата мамилеси күнөөкөр.

Талибдердин бийлиги кулагандан тарта Ооганстанда мектепке барган окуучулардын саны көбөйүп, ушу тапта алардын саны 4 миллионго чамалап калды. Ошол эле маалда мектепти таштап кеткендердин саны да өтө жогору. ЮНИСЕФтин Ооганстандагы өкүлү Эдвард Кавардин көпчүлүк балдар башталгыч мектептен кийин эле окуусун токтотоорун айтат:

- ЮНИСЕФтин изилдөөлөрү көрсөткөндөй, ооган балдарынын 25%ына жакыны беш жылдык башталгыч мектептен гана билим алышат. Башкача айтканда, алар 13, же 14 жашка чыккандан кийин окуусун токтотушат.



Эркек балдар ата-энесинин колунда жок болгондуктан, эрезеге жетээр замат акча таап, үйдөгүлөргө жардам көрсөтүүгө мажбур болушса, кыздардын окубай калышына бир канча башка себептер бар, дейт ЮНИСЕФтин өкүлү Кавардин:

- Башкы проблемалардын бири – мектепте да, үйдө да кыздар менен балдар бири-биринен обочолонуп турганында. Айрыкча бойго жетип калган кыздарга ата-энеси жалгыздап үйдөн алысыраак чыгууга уруксат беришпейт.

Кавардин мырзанын айтымында, Ооганстанда мектеп окуучуларынын үчтөн бирин гана кыздар түзөт. Буга – ата-энелердин катаал мамилесинен сырткары мугалимдер арасында аялдардын аздыгы, атүгүл мектептерде даараткана, кол жууй турган жайлардын жетишсиздиги да себепчи. ЮНИСЕФ ушу тапта ооган айылдарында окубай калган кыздардын сабатсыздыгын жоюу боюнча атайын программаны ишке ашырууда.

Иранда да айыл-кыштактарда окубай калган кыздардын саны кыйла жогору. Тегерандык эксперт Ширзад Абдоллахи кырдаалды төмөндөгүдөй мүнөздөйт:

- Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин көпчүлүк айылдардын балдар-кыздары билимин андан ары улантыш үчүн башка айылга, же шаарга барып окушу керек. Илгертен калыптанып калган салттан улам, ата-энелер балдарын башка жакка окууга жиберишет да, кыздарын үйдө алып калышат.

Абдоллахи андан тышкары көпчүлүк балдардын да окубай калышын мектептердеги шарттар, алган билими кийин керекке жарап, келечегине жакшы өбөлгө түзүп берээрине ишенич жоктугу менен байланыштырат:

- Мектепти алар түрмөдөй эле көрүшөт, мугалимдердин окутуу ыкмасы, китептердин мазмуну балдар үчүн кызыктуу эмес, алар таңуулап окутуудан бат эле тажап кетишет. Күнүмдүк жашоодон алыс бир асмандагы нерселерди үйрөтүп жаткандай таасир калтырат, спорт, лаборатордук иш деген жок. Балдар толук орто билим алса жакшы жумуш таба алаарына, дегеле коомдо бир ордун таап кетээрине ишенишпейт.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, жумушка жарамдуу калктын 20%ы ишсиз отурган Иранда жогорку окуу жайына өтүү – өтө татаал иш. Ошондуктан жаштар окуусун тезирээк токтотуп, күнүмдүк жашоого жете турган тыйын-тыпыр таап бере алчу ишке орношууга ашыгышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG