Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Айдар Акаевдин ишин депутаттык комиссия иликтейт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш Кемин округунан шайланган Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү жөнүндө Баш прокуратуранын өтүнүчүн иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Анын катарына 9 депутат кирип, төрагалыгына депутат Исхак Масалиев шайланды. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Айдар Акаевге төрт кылмыш иши козголуп жатканын айтып, 23-июнда парламенттен аны кол тийбестигинен ажыратууну суранган. Айдар Акаевдин кылмыш иштерин иликтөө үчүн бул комиссияга 15 күн мөөнөт берилди. Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн коргоп жаткан адвокат Максим Максимович журналисттерге “комиссия түзүлгөндүгү бизди чочутпайт”, деп билдирди. Анын айтымында, ал Айдар Акаевдин адвокаты катары комиссия менен иштешет жана иликтөөгө зарыл материалдарды берип турмакчы.

XS
SM
MD
LG