Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

АЛГАЧКЫ ЖӨӨТ-ПАКИСТАН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Биринчи сентябрда Ыстамбул шаарында жөөт-пакистандык алгачкы расми жолугушуу болуп өттү жана айрым байкоочулар аны Израил менен мусулман мамлекеттер ортосундагы мамилелердеги зор жетишкендик деп баалоодо. Анткен менен айрым мусулман мамлекеттери аны сынга алды, президент Первез Мушаррафтын айтымында болсо Пакистан Израилди азырынча расми түрдө тааныбайт .

Ыстамбулдагы жолугушуудан кийин мекенине кайтып баратып 2-сентябрда Дубайда журналисттер менен жолуккан Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Касуринин айтымында, расми жолугушуу өткөрүү тууралуу тымызын сүйлөшүүлөр түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу менен көптөгөн жылдан бери уланып келген. Басылып алынган араб жерлерин Израил бошото баштагандыктан, Пакистан жөөт жетекчилери менен биринчи расми жолугушуу өткөрүүнү туура тапты, анткени аймактар бошотулгандыктан, эгемендүү Палестина мамлекетин түзүүгө да жол ачылууда:

- Басылып алынган Газа тилкесин Израил бошотконун Пакистан жогору баалайт. Аны менен израилдик оккупацияны аяктоо жараяны башталды жана эми Израил менен тынчтык жана коопсуздукта жашай турган кошуна Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш. Ошондуктан Пакистан Израил менен жолугууну чечти, - деди Хуршид Касури.

Министрдин айтымында, Ыстамбулда жолугушуу болоору жөнүндө Пакистан Йордания, Сауд Арабия жана Палестинанын жетекчилери менен алдын ала сүйлөшкөн. Анткен менен Палестинанын вице-премьер министри Набил Шаат жолугушууну жалпысынан колдогону менен, аны кийинчерээк өткөрсө деле болмок деп билдирди. Анын айтымында, басылып алынган араб аймактары толук бошотулган жок жана Израилге белек сунуу мезгили келе элек.

Жөөт-палестиналык жолугушуу өткөнүн Пакистандын диний оппозициясы катуу сындап чыкты, Араб мамлекеттер лигасын жетектеген Малайзиянын айтымында болсо, Израил азырынча жөн гана эл аралык милдеттенмелерин аткарууда жана эч кандай орчундуу мунасага келе элек. Пакистан президенти Первез Мушарраф ошол эле 1-сентябрда Квета шаарында чыгып сүйлөп, Ыстамбулда өткөн жолугушуу - Пакистан Израилди расми түрдө тааныганын билдирбейт жана эки өлкө ортосундагы расми мамилелер - эгемендүү Палестина мамлекети пайда болгондон кийин гана түзүлүшү мүмкүн деп билдирди.

Пакистан менен Израил ортосунда дипломатиялык мамиле жок. Мусулман мамлекеттеринин ичинен Израил менен Түркия, Йордания, Мисир, Мавритания жана айрым борбор азиялык жумурияттар гана мамиле күткөн. Анткен менен жолугушууга катышкан жөөт тышкы иштер министри Силван Шаломдун айтымында, бул сүйлөшүү - араб мамлекеттери менен Израил ортосунда кеңири мамиле түзүүгө жана Израил басылып алынган аймактарды бошотуп жатканына каршы чыккан жөөт жарандарын дагы эпке келтирүүгө көмөктөшөт деп ал ишенет.

Пакистандын "Friday Times" деген гезитинин редакторунун орун басары Хажра Мумтаздын айтымында болсо, Пакистан жетекчилигин мындай жолугушуу өткөрүүгө эл аралык жагдай мажбурлады:

- Израил менен жолугушуу өткөрүү тууралуу Пакистандын чечимине - акыркы мезгилде Израил менен Индия ортосундагы кызматташуу күчөп баратканы түрткү болду жана Пакистан ага каршы чара издеп жатат. Экинчиден, мындай кадам менен Пакистан - АКШ Конгрессине өтө күчтүү таасири бар жөөт лоббиси менен дагы мамиле түзүүнү көздөйт.

Жакын арада Израилге кызмат сапар менен Йорданиянын падышасы Абдалла барууга камданууда, Мисирдин президенти Хосни Мубарак болсо жөөт парламентинде сүйлөйт деген да кабарлар бар.

XS
SM
MD
LG