Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

БЕСЛАНДАГЫ БАРЫМТАНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 3-сентябрда Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы орто мектепте барымтага алынган адамдардын бошотулгандыгына бир жыл болду. Кандуу окуяда өмүрүнөн бейкүнөө ажыраган 331 адам Москва убактысы боюнча күндүзгү саат бирден 5 мүнөт өткөндө, туура бир жыл мурун барымтадагыларды бошотуу аракети башталган көз ирмемдерде бир мүнөттүк тыным менен эскерилди.

Кара кийим кийинген адамдар бул күнү каза болгондордун мүрзөсүнө барып, гүл коюшту. Ал эми каргаша болгон №1 мектептин дубалдары ак кептер тартылган кызыл түстөгү кездеме менен капталып, аза кайгысын тең бөлүшкөн сөздөр жазылды.

Мектепке кире бериш жерде кара түстөгү мрамордон жасалган тактайчадан ылдый карай адамдын көз жашын элестетип эки жерден суу тамчылап турат. Саат бирден 5 мүнөт өткөндө бүткүл Түндүк Осетия коңгуроонун кагуусу менен кошо үн катпай турду.

Андан кийин шаардын четиндеги көрүстөндө барымтада каза болгондор үчүн колодон жасалган бийиктиги тогуз метрлик эстелик ачылды.

Мындай бир мүнөттүк тыным аркылуу эскерүү иш-чарасы Орусиянын башка аймак жана шаарларында да өткөрүлүп, ал көп эл чогулган жыйналыштар менен коштолду.

Орусия президенти Владимир Путинди колдогон жаштардын “Наши” кыймылынын 30 миңге чукул өкүлү Кремлдин астына келип, тынч демонстрация өткөрүштү. Орусиянын борборунун бийлиги да ушул күнү - 3-сентябрда белгиленчү “Шаар күнүн” жекшембиге которду.

Былтыркы каргашада балдары менен жакындарынан айрылган энелер жана жабыр тарткандардын башка тууган-туушкандары орусиялык бийликтерди былтыркы барымтачылык окуясын алдын ала албагандыгы, террорчулар менен сүйлөшүү аркылуу ири кан төгүүгө жол бербөө аракетин жасай албагандыгы үчүн алигиче айыптап келишет.

Жума күнү Орусия президенти менен көзмө-көз кездешип, 3 саатка жакын сүйлөшкөн “Бесландагы энелер” комитетинин мүчөлөрү бийликке карата сын пикирлерин мамлекет башчыга ачык айтышты.

“Бесландагы энелер” комитетинин жетекчиси Сусанна Дудиеванын айтымында, Маскөөгө келип кеткен өкүлдөр Бесландагы окуя боюнча учурунда Путинге туура эмес маалыматтар берилген сыяктанат.

Президент Путин былтыркы каргаша боюнча өзүнүн күнөөсүн жокко чыгарбай тургандыгын да бесландык энелерге билдирген:

- Президент өзүнөн жоопкерчиликти албай тургандыгын айтты. Ал Бесландагы окуяда өзүнүн да күнөөсү бар экендигин сезип жатат.

Сусанна Дудиеванын айтымында, президент бул окуяны жакын арада кылдат иликтетүүгө да убада кылган.

Президент Путин ишемби күнү Орустиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынынын өткөрүп, Башкы прокуратурага атайын тергөө тобун Бесланга жиберүүгө тапшырма берди.

Ал Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүнө “ар бирибиз болуп жаткан окуялар үчүн ээлеген кызматыбызга ылайык жана атуул катары жооптуубуз” деп кайрылды.

XS
SM
MD
LG