Румыниянын тышкы иштер министри Михай Розван Унгуриану Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 60-чы сессиясынын негизги жетишкендиги бул терроризм жана өнүгүү проблемалары боюнча жалпы мунасалуу пикирди жарата алгандыгында экенин белигилеп, ошону менен бирге эле уюмдун бул жолку иши натыйжалуу болду деп айта албасын билдирди:
- Жыйынтыктай келсек, бул жолку саммит конкреттүү натыйжаларга алып келе алган жок. Мамлекет башчылары кол койгон бирин-экин макулдашууларды эске албаганда, өлкөлөр арасында жалпы макулдашуу жетишилген жок, ал тургай терроризм деген түшүнүккө аныктама берүүдө орток пикир түзүлгөн жок. Бул өңдүү татаал маселелерди чечүү кайрадан эле эксперттердин мойнуна жүктөлдү.
Унгуриану андай аныктамасыз эл аралык терроризмге каршы күрөшүү максатын көздөгөн жалпы конвенцияга кол койуу мүмкүн эмес, деп кошумчалады.
Октябрь айынан баштап Румыния Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамына төрагалык кылат. Анын төрагалыгы алдында кеңеште Иран, Ирак, Ооганстан маселелери талкууланат. Улуттар Уюмунун сессиясы учурунда Унгуриану Ирактын жана Ооганстандын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул эки өлкөдө Румыниянын жалпысынан алганда 900гө жакын аскери жайгаштырылган.
Румыниянын төрагалыгы алдында талкууга анынуучу дагы бир татаал маселелердин бири - бул Косово проблемасы, тактап айтканда, учурда Улуттар Уюмунун башкаруусу алдында турган өлкөнүн саясий статусун аныктоо маселеси. Румыниянын тышкы иштер министри Унгуриану анын өлкөсү Балкандагы байланыштарынан пайдаланып, Косово боюнча диалогду уюштурууга көмөктөшөт жана ал диалогдо бардык кызыкдар тараптардын, айрыкча Албаниянын көз карашынын ортого салынуусу үчүн колунан келгенди жасаарын белгиледи:
- Биз расмий Белграддын көз карашы менен саясатын, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алып, адам укуктарынын негизги принциптери менен эркиндиктерин урматтоо менен Косово боюнча мунасалуу пикириге келүүбүз керек.
Улуттар Уюмунун кеңейтилген Коопсуздук кеңешинде Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселе да каралышы ыктымал. Бул маселе дүйшөмбү, 19-сентябрда Улуттар Уюмунун Атомдук Энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭнин директорлор башкарамалыгында талкууланууда. Эгерде агенттиктин төрагасы Мухаммед ЭлБарадейдин докладында Ирандын ядролук программасы боюнча тынчсыздандырарлык маалыматтар арбын камтыла турган болсо, маселе Улуттар Уюумунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна койулмакчы.
- Андай болгондо биз Коопсуздук кеңешинин көңүлүн Иран маселесине буруп, Иранды эл аралык коомчулуктун талаптарына кулак салдыруунун жолдорун караштыруубуз керек. Иран үчүн бул кандай натыйжаларды алып келиши мүмкүн, ушул суроонун тегерегинде ачык жана калыс дискуссия жүргүзүүбүз керек ,- деди Румыниянын тышкы иштер министри Унгуриану.