Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

БЕКНАЗАРОВДУН ЖАКТООЧУЛАРЫ АК ҮЙДҮН АЛДЫНА ЧЫГЫШТЫ


Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордук кызматтан президент тарабынан алынуусуна нааразы болгон 50 дөн ашуун адам 20-сентябрь күнү Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар президенттин бул кадамы туура эмес экендигин белгилешип, Бекназаровду кайрадан кызматына койулушун талап кылышты. Митинг учурунда «Бекназаровду коргоо» комитети кайрадан уюшулуп, Бакиевге кайрылуу жолдонду.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, аларды эч ким уюштуруп, бул жерге чыгарган жок. Алар баары бир гана талап менен, президенттен башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кайрадан кызмат ордуна койууну талап кылып Ак үйдүн алдына келгендигин айтып жатышты.

Өзүн Мырза деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну президенттин кадамы туура эмес болду деген пикирде:

-Бизди эч ким чогултуп апкелген жок. Баарыбыз бул кабарды телевизордон көрүп, радиодон угуп, президенттин чечимине нааразы болгондугубуздан улам ушул жерге чогулдук. Биз карапайым эл катары эле өз талабыбызды коюп атабыз. Президенттин бул чечими туура эмес, Азимбек Бекназаровду кайра кызматына койсун.

Нааразылык чарасынын дагы бир катышуучусу Бактыгүл Токтогулованын сөзү боюнча, президент Бакиев Бекназаровдун баштаган ишин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш:

-Кыргыз элинин келечегин ойлоп, чындык үчүн күрөшкөн, коррупция менен күрөшүп жаткан да жалгыз Бекназаров болчу. Эми аны да кызматтан алып салды. Бекназаров кайра ордуна отурмайын коррупция жоголбойт. Ошондуктан Бекназаровду кызматына коюп, баштаган ишин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берсин. Биз ошону талап кылабыз.

Митинг учурунда «Бекназаровду коргоо» комитети түзүлдү. Алар комитеттин мүчөлөрүнүн жана митингдин катышуучуларынын атынан Азимбек Бекназаровду кайрадан кызматына койулушун талап кылган кайрылуусун президентке жолдошту. Комитеттин саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Жунусбаевдин айтымында мындай комитеттер Ош жана Жалалабад облустарында, Аксы районунда кечээтен баштап түзүлө баштады.

Нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугушууга бийлик тарабынан эч ким чыккан жок. Ал эми 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Самүдүн Айдаров митингдин катышуучулары таркабаса, күч колдоноорун билдирди:

-Бул жерге митинг өткөрүүгө болбойт. Шаардык мэриянын ар кандай акциялар Горький паркына өткөрүлсүн деген токтому бар. Ошондуктан таркагыла. Эгерде тарабасаңар күч колдонобуз!

Айрым пикирлерге караганда, президенттин бул кадамы өлкөдө кайрадан нааразылык толкундоолорунун башталуусуна негиз болуп берет. Бул тууралуу «Аксы» коомунун активисттери бийликке жана коомчулукка жолдогон кайрылуусунда билдиришкен. Анда белгиленгендей, эгер акыйкаттык болбосо, элдин азыркы бийликке болгон нааразылыгы түрдүү акциялар менен коштолмокчу.

Ал эми «Ар-намыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын пикиринде эл кайрадан көтөрүлүп кетүүсү мүмкүн:

-Биз жалгыз Акаевге эмес, Акаевдин бийлик системасына каршы күрөшкөнбүз. Ошол Акаевдин тегерегиндеги чиновниктер бүгүн дагы жетекчи кызматтарда. Биз бийликти ошолордон тазалай албай койдук. Президенттин бул чечими жалпы коомчулуктун, жалпы карапайым эл тарабынан терс мүнөздө кабыл алынуусу мүмкүн. Бул албетте дагы нааразычылыктарды жаратат.

Аксы окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Сартбай Жайчыбеков Бекназаровдун кызматтан кетүүсүнө Аксы окуясына тиешеси бар мурунку жана азыркы жетекчилердин да кызыкчылыгы болду деген пикирде:

- Азимбек Бекназаровдун кызматтан бошоп калуусуна Аксы окуясынын да тиешеси бар. Себеби мен кылмыш иштери менен таанышып чыкканда Бакиевдин өзүнө каршы көрсөтмөлөр да бар болчу. Ошондой эле Аксы окуясынын азыркы жана мурдагы көп жетекчилерге да түздөн-түз тиешеси бар. Мунун азыркы убакка чейин созулуп, жыйынтык чыкпай турганынын бирден-бир себеби - ушул.

Адвокат Сартбай Жайчыбековдун айтымында, мындай кадам менен бийлик элден кыска убакыттын ичинде эле алыстай баштагандыгын көрсөттү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG