Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

ТҮРКИЯ КИПРДИ РАСМИЙ ТААНУУГА МИЛДЕТТҮҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Брюссель шаарында "Түркия жана Күрттөр" деген аталыштагы эки күндүк конференция өз ишин аяктоодо. Түркияны Еврошаркетке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганы жаткан чакта өткөрүлүп жаткан бул жыйында эл аралык эксперттер Түркиядагы күрттөрдүн жана башка улуттук азчылыктардын абалын талкуулап, расмий Анкара Еврошаркеттин алдында алган милдеттенмелерин канчалык дэңгээлде аткарып жатканын таразага салып жатышат.

Конференциянын жуп башталышында ага жетекчилик кылган Карианне Вестрайм конференцияга чакырылган эксперттердин айрымдары келе албай калышканын билдирүү менен, бул факт түрк өкмөтү күрт улуттук азчылыгынын саясий укуктарын толук кепилдей элек экенин тастыктап турганын белгилеп өттү:

- Айрым биздин докладчыларыбыз, алардын ичинде, "Дехап" деген күрт саясий партиясынын башчысы Тунжер Бакирхан, конференцияга келе албай калышты. Анын күрттөргө байланыштуу жасаган билдирүүсүнөн улам, кыймылына чектөө салынып, чет өлкөгө чыгуусуна тыйуу кылынды. Түркиянын өкмөтү мындай кылуу Еврошаркетте жарабай турганын түшүнөөр, деп үмүттөнөбүз.

Эксперттердин Брюсселдеги конференциясында сөз сүйлөгөн паннелисттердин дээрлик баары күрттөрдүн Түркиядагы абалын жыкшыртууда жылыш жасалганы менен түрк өкмөтүнүн алдында дагы көп иштер турганын белгилешти. Алардын ичинен паннелисттер тобунун жападан жалгыз күрт өкүлү Хатап Дижле Түркиянын Еврошаркетке кабыл алынуусун даана жана ачык сөзү менен колдоп чыкты. Анын айтымында, Түркиянын Еврошаркетке кабыл алынуусу өлкөнүн күрт коомучулугу үчүн да келечектен үмүттөндүрөрлүк окуя болмокчу. Белгилей кетүү керек, Хатап Дижле Түрк парламентинин мурдагы мүчөсү, ал күрттөрдүн укуктарын парламентте жактап чыккандыгы үчүн 1994-жылы 15 жылга түрмөгө кесилген. Кийинчэрэкк күрт саясатчысын «Эмнести Интернешинел» уюму күрттөрдүн саясий укуктарын коргогон «абийир туткуну» деп тааныган.

Түркиянын Еврошаркетке мүчө болуп кирүүсүн коргоо менен эле бирге Хатап Дижле Европадагы адам укуктарынын стандарттарына жетүү үчүн Түркияга али бир топ бар экенин белгилеп, буга бир нече фактыны мисал келтирди. Анын айтымында, 2004-жылдан бери түрк аскерлери күрттөр отурукташкан аймактарда бир канча аскердик операция өткөрүп, тынч жакткан элге зордук-зомбулук көрсөткөн.

Брюсселдеги конференция Түркияны Еврошаркетке кабыл алуу маселеси боюнча консультациялар өтүп жаткан учурга туш келди. Брюсселде өз ишин аяктап жаткан кеңешмеде Еврошаркетке мүчө 25 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Түркия уюмга кабыл алынууга чейин уюмдун мүчөсү Кипрди расмий түрдө таанууга милдеттендирген декларацияны кабыл алууга макулдашышты. Декларацияда ошондой эле Еврошаркет менен Түркиянын ортосундагы бажы биримдигинин Кипрге карата да толук аткарылышы талап кылынат.

Бажы биримдиги жөнүндө 2004-жылы кол койулган келишимге ылайык, Түркия Еврошаркеттин баардык өлкөлөрү менен, анын катарында, Кипр менен экономикалык алака курууда орток бажы эрежеелерин колдонууга милдеттенген. Бирок Кипрдин кемелери менен учактары Түркиянын мейкиндигине эмдигиче киргизилбей келатат.
Түркияны уюмга кабыл алуу сүйлөшүүлөрү 3-октябрда башталып, кеминде 10 жылга созулмакчы.

XS
SM
MD
LG