Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

КЫРГЫЗСТАН САЯСИЙ ТУҢГУЮККА КЕПТЕЛДИБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек 21-сентябрда Бишкекте Азимбек Бекназаровдун жактоочулары нааразылык акциясын улантышты. Ушундай эле нааразылык чара Аксыда да болуп, чогулган эл 28-сентябрга чейин президент Курманбек Бакиев Аксыга келип кетпесе, нааразылык акциянын ар кандай ыкмаларын колдоно баштаарын эскертишти. Азимбек Бекназаровдун башкы поокурордук кызматтан бошотулушунан улам өлкөдөгү саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү?

Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордуктан президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен бошотулушу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Саясатчылардын бир бөлүгү 24-марттагы ыңкылаптын башкы идеологдорунун бири Азимбек Бекназаровдун ээлеген кызматынан бошотулушун өлкөдөгү чоң саясий кризистин башталышы катары баалашты.

Март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынын бири, ыңкылап алдында түзүлгөн Кыргызстан элдик кыймылынын курамына кирген 9 саясий партиянын бири болгон Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова бүгүнкү саясий кырдаал жөнүндө мындай дейт:

- Азыр мурдагы бийликтин пландары ишке ашып жатат. Анткени, мурдагы бийликте иштеген коррупционерлердин жана азыркы бийликтеги коррупционерлердин аракеттери менен Азимбек Бекназаров кызматынан алынды. Бекназаров Бакиевдин колу менен кызматынан алынса, эми Бакиевди Бекназаровду жактап чыга турган элдин колу менен президенттиктен алууга аракет жасалат. Мындай пландарга мен буга чейин ишенген эмесмин. Эми ишене баштадым.

21-сентябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында Азимбек Бекназаровдун кызматынан алынгандыгына байланыштуу нааразылык акция улантылды. Анын катышуучулары президент Курманбек Бакиевден Азимбек Бекназаровдун баш прокурордукка кайрадан коюлушун талап кылышууда.

Бул жөнүндө нааразылык акциялардын катышуучуларынын бири Тоту Сыдыкова буларга токтолду:

- Эмне үчүн А. Бекназаровду кызматынан алып коюшту? Анткени, ал коррупционерлерге каршы чечкиндүү иш баштады. Ал азыркы бийликтин өкүлдөрүнө да жакпай калды. Эми биздин талабыбыз – аны президент өз кызматына кайрадан койсун. Ушул талабыбыз аткарылмайынча, биз ушул жерде тура беребиз.

Нааразылык чаранын катышуучулары ошондой эле эми президент тарабынан сунуштала турган баш прокурор Азимбек Бекназаровдой өлкөдөгү коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшө албайт, өлкөдө дагы бир ыңкылап болушу ыктымал деген пикирлерин билдиришүүдө. Буга байланыштуу пикетчилердин бири Самаган Борбиев мындай дейт:

- Азимбек Бекназаров өлкөдөгү коррупцияга, коррупционерлерге каршы күрөшө баштады эле. Анын мындай чечкиндүү күрөшү азыркы бийликке жакпай калды. Эми Бекназаровдун ордуна ким дайындалса да, ал коррупционерлерге каршы күрөшө албайт. Анткени, аны бийлик ошону үчүн бул кызматка койот.

Айрым саясатчылар болсо, Азимбек Бекназаровдун артынан март айындагы ынкылапка активдүү катышып, киийнчерээк убактылуу өкмөттүн курамына кирген саясатчылардын катышуучуларынын арасында да отставкалар болушу ыктымалдыгын, азыркы саясий крыдаалдын мындан ары курчушу бир нече факторлорго байланыштуу болоору мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай дейт:

- Азыр өлкөдө стабилдүүлүк сакталышы үчүн бийлик элдин үмүтүн ишке ашыра турган чараларды көрө башташы керек. Тез арада өзүнүн экономикалык программасын жарыялашы керек. Ошондой эле коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүн элге көрсөтүүгө тийиш. Анткени, эл азыр Азимбек Бекназаровдун кызматынан бошотулушун анын коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш баштагандыгы менен байланыштырып жатышат. Кырдаалдын туруктуулугу ошоной эле А. Бекназаровдун кызматынан кетишине убактылуу өкмөтүн калган мүчөлөрү кандай мамиле жасайт – ушуга да байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG