БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жакында Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университетте жогорку математика боюнча дарс окуй баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Максим Максимович 23-сентябрда билдирди. 24-март күнү ыңкылапка байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен экс-президент учурда Москвада.