Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

БУУнун докладчысы кыргызстандыктар дале сотко ишенбейт деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын калкы мурдагыдай эле сот системасына ишенбейт деп жазды «АКИ-пресс» агенттиги Бириккен Улуттар Уюмунун сот тармагы боюнча атайын баяндамачысы Леандро Деспоиге шилтеме берип. Баяндамачынын айтымында, мунун башкы себептеринин бири - соттор коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезбейт, кесипкөй экспертиза жүргүзүүгө мүмкүндүк жок. Ал эми адвокаттар бийликтен жана прокурорлордон көз каранды. Леандро Деспои Кыргызстанда сот реформасын жүргүзүү, коррупцияга каршы күрөш боюнча стратегия иштеп чыгуу зарыл деп эсептеп, ага эл аралык уюмдар колдоо көрсөтөөрүнө ишенимин билдирген. Кыргызстан тараптын чакыруусу менен бул өлкөгө келип, иликтөө жүргүзгөн баяндамачы өзүнүн отчетун Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясынын жазгы сессиясына сунуштаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG