БИШКЕК. Жогорку Кеңеш Кыргыз өкмөтүнүн түзүмүн жана курамын кароого дүйшөмбү күнү киришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Акыркы долбоорду өкмөт парламентке 21-сентябрда сунуштаган. Ал эми айдын башында сунушталган долбоорду парламент жактырбай, президентке өз долбоорун берген. Эки долбоордун негизинде өкмөт өкмөттүн түзүмү жөнүндө долбоорду иштеп чыкты. Анда мурдагы 12 министрликке кошумча транспорт жана байланыш министрлиги менен миграция боюнча мамлекеттик комитет кошулду.
Өкмөттүн түзүмүнө удаа эле парламент өкмөттүн курамын да бекитээри болжолдонуп жатат. Президент Курманбек Бакиевдин 22-сентябрда парламентте атканына караганда, ал парламентке сунуштай турган өкмөт курамына кол коюп, премьер министр Феликс Куловго берди.