Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Алты талапкер парламентте жетиштүү добуш алалган жок


БИШКЕК. 27-сентябрда Жогорку Кеңеш президент жана премьер-министр тарабынан сунушталган министрликке талапкерлерди бекитүү боюнча добуш берди. Анын жыйынтыгына ылайык, ички иштер министрлигине Мурат Суталиновду, коргоо министрлигине Исмаил Исаковду, саламаттык сактоо министрлигине Шайлообек Ниязовду, өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жаныш Рустанбековду, юстиция министрлигине Марат Кайыповду, билим берүү министрлигине Досбол Нур уулуну, каржы министрлигине Акылбек Жапаровду, өнөр жай министрлигине Алмаз Атамбаевди, мамалекекттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Турсун Турдумамбетовду, Айыл чарба министрлигине Абдымалик Анарбаевди дайындоого парламент макулдук берди. Ал эми Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, Ишенбай Кадырбеков, Эмил Узакбаев, Накен Касиев, Токтокан Боромбаева жетиштүү добуш алалган жок.

XS
SM
MD
LG