Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Премьер-министр жаңы министрлерди эмгек жамааттары менен тааныштырды


БИШКЕК. 3-октябрда премьер-министр Феликс Кулов өкмөттүн аппарат башчысы-министр Турусбек Коеналиевди, саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязовду жана тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду эмгек жамааттары менен тааныштырды. Тышкы иштер министрлигинде сүйлөгөн сөзүндө Феликс Кулов бир жума ичинде министрликтин иш аракетинин планын иштеп чыгууну тапшырды. Тышкы саясаттагы артыкчылыктарга токтолгон өкмөт башчы, Кыргызстан үчүн бардык мамлекеттер менен кызматташуу маанилүүлүгүн, бирок башкы артыкчылык Орусияга берилээрин билдирди. Ал эми кыргыз-орус мамилесине терс таасир тийгизүүнү каалагандарды тайманбай токтотууга чакырган өкмөт башчы, падышалык Орусия учурунда 1916-жылы үркүндө элдин кырылышы үчүн кечирим суроону Орусиянын азыркы президенти Владимир Путинден талап кылуу туура эмес, деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG