Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

“ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫКТЫН” ЖЕТЕКЧИЛИГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН БААРЛАШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчиси Том Дайн, аталган радионун берүүлөрүн уюштуруу департаментинин директорунун орун басары Джойс Дэвис жана радионун кыргыз кызматынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин 6-октябрда Бишкекте «АКИ-пресс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү. Аларга журналисттер Кыргызстандагы ыңкылап, радионун максаттары, «Азаттыктын» коомдогу орду тууралуу суроолорун жолдошту.

Маалымат жыйынында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси Том Дайн адегенде Кыргызстанга болгон сапарынын максаты жөнүндө айтып өттү. Ал 24-марттагы ыңкылаптан кийинки Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы, ыңкылап өлкөгө эмне алып келгендигин көрүүгө жана «Азаттыктын» Бишкектеги жамааты менен жолугуп, алардын кандай иштеп жаткандыгын жакындан билүү үчүн келгендиги жөнүндө айтты.

Андан соң, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты. Кыргызстандагы март ыңклабында «Азаттык» радиосунун ролу кандай болду деген суроого Том Дайн мырза төмөнкүдөй жооп берди:

- Кыргызстандагы ыңкылапта «Азаттыктын» ролу чоң болду деген пикирлер да бар. Мисалы, окуя болгон учурда «Нью-Йорк таймс» гезитинде чыккан бир макалада «Аазттыктын», Фридом Хаус басма үйүнүн жана эки көз карандысыз басылманын орду жөнүндө сөз болгон. Биздин кабарчылардын эң башкы принциби - бейтарап болуу. Албетте, биз калкка мааламат жеткирүү кызматын аткарып жаткандан кийин, биз эл үчүн кандайдыр бир ролубузуду көрсөтүшүбүз керек .

Ал эми “Азаттыктын” угармандар арасындагы бедели тууралуу Том Дайн буларга токтолду:

- Бардык өлкөлөрдө эле эгерде тигил же бул радионун калктын жалпы санынан 5 пайыз угармандары болсо – бул ийгилик болуп эсептелет. Ал эми «Азаттыкты» Кыргызстандын калкынын 15 пайызы угат. Ал эми март айындагы ыңкылап сыяктуу окуялардын учурунда угармандардын саны андан да көбөйөт. Эл чындыгында бизди угушат жана биздин маалыматтарга ишеним көрсөтүшөт.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун берүүлөрүн уюштуруу боюнча департаментинин директорунун орун басары Джойс Дэвис айым жогорудагы суроо боюнча буларды кошумчалады:

- “Азаттык” радиосу «Эркин Европанын» бир бөлүгү катары дайыма башкы максат катары өзүнүн алдына кайсы бир бийликке же саясатчыларга эмес, элге кызмат кылуу максатын коюп келет.

Айрым журналисттер Кыргызстандагы ыңкылап Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да таратылышы мүмкүнбү деген маанидеги да суроону жолдошту.

Ага Том Дайн мындайча жооп узатты:

- Эми жоогазын жана башка ыңкылаптар болот деп эч ким божомолдогон эмес. Ошондуктан, мен ыңкылап эскпорттолот деген божомолду айта албайт элем. Азыр Кыргызстанга коңшу өлкөлөр, өзгөчө Өзбекстан ыңкылаптык окуяларга каршы турушкандыгын көрсөтүшүүдө. Алар бийликти кармап калуу үчүн бүт аракетин жумшайт. Өзгөчө Өзбекстанда өзгөрүүлөр болот деген коркунуч өтө чоң. Ошондуктан, кырдаалга жараша анын жетекчилиги бийликти сактап калуу үчүн бардык нерсеге, өзүнүн атуулдарын өлтүрүүгө чейин барышат.

Ал эми «Азаттыктын» мындан аркы иштөө принциптери тууралуу суроого жооп берген «Эркин Европа/Азаттыктын» кыргыз кызматынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин болсо, «Азаттык» ыңкылаптан кийин да, мурдагыдай эле бейтарап, объективдүү маалыматтарды тараткан маалымат каражаты болуп кала берээрин белгиледи:

- “Азаттык” радиосу буга чейин да объективдүү, кайсы бир тарапты жактабаган радио болуп келген. Ыңкылаптан кийин да, радио ушул принциптердин негизинде иштөөдө. Мисалга алсак, 24-март күнү КТРден жаңыдан бийликке келген адамдар гана сүйлөп жатышканда, «Азаттык» мурдагы бийликтин өкүлдөрүнүн пикирлерин да чагылдырып турду. Андан кийин да «Азаттык» расмий бийлик менен бирге экс-президент Аскар Акаевдин жана анын айланасында жүргөн адамдардын тигил же бул маселе боюнча пикирилерин да чагылдырууда.

Ал эми Кыргызстандын жаштары сизге кандай таасир калтырышты деген суроого болсо Том Дайн мындайча жооп берди:

- Жаштар жөнүндө айтсак, биз өлкөдөгү кырдаал жакшыра тургандыгына алардын үмүтү бар экендигин көрдүк. Бирок ошону менен бирге биз алардын мындай үмүтү өчүп баратканын да байкадык. Мен жаңы өкмөт коррупцияга каршы жана кедейчиликти жойуу боюнча чечкиндүү иштерди жүргүзө алаарына, экономиканы өнүктүрүүгө, орто ишкердикти колдоого күч аракет жумшаарына ишенгим келет.

Том Дайн ошону менен бирге ал Кыргызстанда ыңкылаптан кийин өтө зор өзгөрүүлөр болот, деп күткөн эместиги жөнүндө да белгиледи.

Журналисттерди ошондой эле “Азаттык” радиосу Кыргызстанда орус тилинде чыгабы, кайрадан кыска толкундан радионун берүүлөрүн угууга болобу деген суроолор да кызыктырды. Радионун жетекчилиги бул маселелер боюнча учурда радионун башкы кеңсесинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жактандыгын билдирди.

Том Дайн акыркы эки күндө президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG