Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

ООГАНСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЧЫГАРЫЛА БАШТАДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Ооганстанда 18-сентябрда өткөн жалпы шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыгарыла баштады. 6-октябрда Бирдиктүү шайлоо башкармалыгы азырынча эки дубан - Нумзор менен Фарахтагы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыя кылды. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Ооганстандагы калган 34 дубандагы добуш берүүнүн жыйынтыгы алдыдагы 7 күндүн ичинде жарыяланаарын айтышууда.

Шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыялангычакты шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздар менен даттануулар иликтенип бүтүшү керек. Адистердин айтымында, ал октябрдын аягына чейин созулушу мүмкүн. Бирок БУУнун Ооганстандагы Бирдиктүү шайлоо башкармалыгынын өкүлү Алэм Сиддики добуш берүү бюллетендери саналып бүтүп калгандыгын “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирди. Анын айтымында, азыр 1000ге чукул шайлоо участкасындагы добуштар гана санала элек.

-Биз өлкөнүн түштүгүндөгү эки дубан Нумроз менен Фарахтагы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыяладык. Калган 34 дубандагы жыйынтык алдыдагы 7 күндүн ичинде чыгарылат. Андан кийин ар бир дубандагы жыйынтык боюнча нааразылыктарды билдирүүгө беш күн берилет. Эгер алгачкы жыйынтык боюнча эч кандай доомат түшпөй турган болсо жыйынтык жарыяланат.

Алэм Сиддикинин айтымында, Ооган парламентиндеги 249 орундун экөөнү Нумзордун, бешөөнү Фарахтын депутаты ээлөөчүдөй болуп калды жана алардын көбү аял болору да ажеп эмес. Анткен менен азыр Америкалык аскерлер талиптердин калган-каткан өкүлдөрүнө каршы күрөшүп жаткан Пактика дубанындагы шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу бир аз кооптонтуп турат, дейт БУУнун шайлоо башкармасынын өкүлү Алэм Сиддики:

- Пактика дубанындагы шайлоо учаскаларынан добуш берүү бюллетендерин дагы эле толук ала албай жатабыз. Шаршемби күнү башкармалык жасалмалоо көп болгон 76 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимине келди. Кырк участоктогу добуш берүү да саналып бүтө элек.

Ооганстанда отуз төрт жылдан кийин өткөрүлгөн шайлоодо 27 миң шайлоо участкасы түзүлүп, тизмеге алынган 12 миллион шайлоочунун көбү добуш бергендиги маалымдалган.

XS
SM
MD
LG