Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

«Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам ишке ашырылууда


БИШКЕК. 19-августта президент тарабынан кол коюлган мунапыс жөнүндөгү мыйзам жазаны аткаруу боюнча башкармалык тарабынан ишке ашырулууда. Бүгүнкү күндө ага ылайык, 68 адам жаза өтөөдөн бошотулду. Ал эми камакта отурган 1318 адамдын жаза өтөө мөөнөтү жасалган кылмыштардын оор, жеңилдигине карай кыскартылды. Бул тууралуу 7-октябрда аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда камактагы 1098 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш сотко өткөрүлдү. “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам боюнча жаза өтөө жайларындагы 6610 адамдын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылат. Алардын ичинен 300 адам эркиндикке чыгат. Учурда Кыргызстанда жаза өтөө жайларында 16600 адам бар.

XS
SM
MD
LG