Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

ОЮН ҮЧҮН НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ БЕРИЛДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 10-октябрда экономика боюнча Нобель сыйлыгы оюндар теориясындагы абройлуу эксперттер, америкалык окумуштуу Томас Шелллинг менен израилдик окумуштуу Роберт Ауманнга ыйгарылды.

Швециянын Падышалык Илимдер Академиясынын 10-октябрь күнкү жарлыгы менен 2005-жылдын экономика боюнча Нобель сыйлыгы 84 жаштагы америкалык окумуштуу Томас Шеллингге жана Израилдин жөөт университетинин професору 75 жаштагы Роберт Аумангга ыйгарылды. Академиянын Нобель комиссиясынын чечиминде окумуштуулар жогорку даражалуу сыйлыкка "жаңжал жана кызматташууну оюндар теориясынын жардамы менен жакшыраак түшүнүүгө салым кошкондугу үчүн" татыктуу болушту, деп айтылат.

Өзүнүн көптөгөн кесиптештеринен айырмаланып, бул эки окумуштуу оюндар теориясын практика менен байланыштырып, бул теориянын жардамы менен экономикалык проблемаларды, куралсыздануу, артта калган өлкөлөргө жардам берүү, терроризм, энергетика, туризм, глобалдык климаттын өзгөрүүсү, расалык бөлүнүп-жарылуу, наркомания жана чылым чегүү, кылмыштуулук проблемаларын жөнгө салууга аракеттенишкен. Көптөгөн социалдык проблемаларды чечүүдө оюндар теориясынын кеңири пайдаланылып жатышы бул окумуштуулардын эмгенинин арты менен мүмкүн болду.

Шеллинг эмгек карьерасын Вашингтондо өкмөттүн бюджет бөлүмүндө баштап, кийинчереек Париж менен Копенгагенде Маршалл планды ишке ашыруу бюросунда, андан соң Вашингтондо Ак үйдө иштеген. Андан соң ондогон жылдар бою Американын Ель, Харвард жана Марилэнд университеттеринде окутуучу болгон. Вашингтондо жана Европада иштеген жылдарында топтогон тажрыйбасына таянып, ал кийинчереек аскер жана куралсыздануу проблемалары боюнча эксперт болуп калган. 1960-жылы жарык көргөн "Жаңжал стратигиясы" деген китеби анын бул тармакта жазган алгачкы ири эмгеги болгон. Ал анда чарбалык экономикалык ыкмаларды эл аралык проблемаларды чечүү үчүн пайдаланууну сунуш кылган. Өз эмгеги жөнүндө Томас Шеллинг кийин минтип айткан:

- 20-кылымдын эң маанилүү окуяларынын бири бул - болбой калган окуя, бул кансыз согуштун ядролук куралдарды колдонуусуз аяктаганы.

Анын кесиптеши 75 жаштагы Роберт Aуманн Израилдин Иерусалим шаарындагы Еврей университетинин профессору. Докторлук диссертациясын Массачусетстеги технологиялык институтта жактаган. 1964-жылы маселени чечүүнүн көптөгөн жол жоболору көптүк санда өз ара эквиваленттүү боло турганын далилдеген. 90-жылдарга чейин Ауманн оюундар теориясынын коомунун жана 90чу жылдардын башында Израилдин математиктер союзунун президенти болгон. Оюндар теориясын практикада колдонуунун үстүндө 40 жыл эмгектенген Роберт Ауманн көп жылдар бою АКШнын куралдарды көзөмөлдөө агенттигине консультант болгон. Сыйлык алганын уккан соң «Рейтер» кабар агенттигинин журналистине Роберт Ауманн буларды айты:

- Мен бул мектептин коомчулук тарабынан таанылганына кубанып жатам.

Эксперттердин айтымында, бул эки окумуштуу тең бири-биринен айырмаланат. Эгерде Шеллингдин теориясы математикадан алыс турган көпчүлүккө түшүнүктүү болсо, Ауманндын тоериясында техникалык билими жок адистерге түшүнүксүз жерлер арбын. Бирок эки окумуштууну тең алардын эмгеги көптөгөн жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечип, согуштун алдын алууга жардам бергени бириктирет. Ошон үчүн дүйнө коомчулугунда экөөнө ыйгарылган экономика боюнча Нобель сыйлыгы тынчтык сыйлыгы катары кабылданууда.
XS
SM
MD
LG