Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН САПАРЫ КАНДАЙ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Кыргызстанга жасаган иш сапарыны максаты тууралуу саясатчылар жана атуулдук коомдун өкүлдөрү ар кандай пикирлерди айтышууда. Алардын айрымдары Кондолиза Райстын иш сапарынын артында АКШнын Кыргызстанга болгон геосаясий кызыкчылыгы жатат дешсе, кээ бирөөлөрү бул иш сапар март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда болуп жаткан саясий-экономикалык өзгөрүү жана өсүштөрдү колдоо максатында болду, деген пикирлерин айтышууда.

Айрым серепчилер АКШнын мамлекеттик катчысы Кыргызстанга март айындагы ыңкылаптан кийинки өзгөрүүлөргө жана өсүштөргө колдоо көрсөтүү үчүн келгендигин айтышат. Анткени Кыргызстан демократиялык жолду тандап алган өлкө, ал эми эл өз каалоосу менен бийликти алмаштырды. Ошондуктан, демократиянын өнүгүү процесстери Кыргызстанда кандайча жүрүп жаткандыгы АКШны кызыктырат, дешет алар. Мындай пикирди «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирди:

- АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Кыргызстанга иш сапары бизде жана Борбор Азияда болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө колдоо көрсөтүү максаты менен болду деп эсептейм.

Эдил Байсаловдун айтымында, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык башкаруудагы жалгыз өлкө болууда, ошондуктан Кыргызстан АКШнын колдоосуна муктаж болуп кала берет.

Бирок айрым пикирлер боюнча, АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Кыргызстанга иш сапарынын артында АКШнын Кыргызстанга болгон геосаясий кызыкчылыктары жатат. Мындай пикир ээлери катчы айымдын иш сапарын АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин суугандыгына жана Орусия Борбор Азия аймагында өзүнүн таасирин күчөтүүгө катуу аракет жасап жаткандыгы менен байланыштырышууда. Мурдагы президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович Кондолиза Райстын Кыргызстанга иш сапары геосаясий кызыкчылык менен болду деген оюн билдирди:

- Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондуктан, Орусия жана Кытай сыяктуу ири державалар Кыргызстанга кийинки убакта өзгөчө көңүл бура башташты. Алардын катарында АКШ дагы Кыргызстандын геосаясий абалын иликтеп атат, анткени бул өтө маанилүү нерсе. Кыргызстан жайгашкан аймагына байланыштуу АКШ үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен жолугушуусунда президент Курманбек Бакиев Кыргызстан кызматташууда бир мамлекеттен экинчи мамлекетти айырмалабай, бардык өнөктөштөр менен бирдей кызматташаарын билдирген. Бирок мындай ыкманын пайдасына караганда зыяны көп болору тууралуу айтылган пикирлер да бар. «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстан алыскы тууганга караганда жакынкы коңшуга жакыныраак болгону эле оң деген пикирде:

- Бизди Орусия жана башка КМШ мамлекеттери менен ата-бабабыз башыбызды бириктирип кеткен. Ошондуктан биз Борбор Азия аймагында тургандан кийин аларга жакыныраак болуп, алар менен байланышты күчөтүүбүз зарыл. Албетте, АКШ менен да мамилени үзбөшүбүз керек. Бирок эки отургучка отурам деп, чалкабыздан кетпесек болду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG