Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

АКШнын мамлекеттик катчысы бүгүн Ооганстанга келет


Кечээ Кондализа Райс Бишкекте Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, «Манас» аэропортундагы америкалык авиабаза сүйлөшүүлөрдө негизги темалардан болгонун ырастады. Америкалык контингент Ооганстандагы кырдаал кайра жангыс оролго түшкөнгө чейин Кыргызстанда калат, деп айтты ал. Ошол эле учурда АКШ, Райс ырастагандай, региондо туруктуу аскери база түзүүгө умтулбайт. Анын айтымында, бу жерде Кыргызстан же АКШ менен, же Россия менен жакшы мамиледе болорун тандап алышы керек дегенде эч кандай жүйөө жок,тескерисинче, Кыргызстан бардык коңшулары менен эң жакшы мамиледе болууга тийиш. Райс Кыргызстандын жаңы өкмөтүнө саясий-экономикалык реформаларды өткөрүүдө Вашингтон колдоо көрсөтө тургандыгына да ишендирди.

XS
SM
MD
LG