Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Жатаканада жашагандар турак-жай талап кылышууда


БИШКЕК. Үч күндөн бери Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндө жайгашкан «Дастан» ишканасына таандык жатаканада жашаган 30 бүлөнүн өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясын уюштурууда. Алардын нааразылык менен чыгышына жатакананы бошотуп берүү тууралуу сот чечими негиз берген. 1-май райондук соту тарабынан чыгарылган мындай чечимди Жогорку сот сентябрь айында карап, күчүндө калтырган. Ага ылайык, тургундар жатакананы 14-октябрда бошотуп бериши керек. Ал эми нааразы тарап маселенин мындай чечилишин мыйзамсыз деп санайт. Наарызылыкка чыккандардын айтымында, жатакананы менчикке чыгарууну ээлик кылуучу тарап убада кылган. Бул максатта тургундардын ар бири коммуналдык чыгымдар үчүн 40 миң сомго чейин акча төлөшкөн.

XS
SM
MD
LG