Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Түндүк шайлоо округуна 4 киши арыз берди


БИШКЕК. №8 Түндүк шайлоо округунда 27-ноябрда өтөөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого катышуу максаты менен «Караван» соода борборунун директору Нариман Түлеев, мамлекеттик сатып алуу жана матрезервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын юридика бөлүмүнүн башчысы Рустам Карагулов округдук шайлоо комиссиясына 12-октябрда арыз беришти. Бул тууралуу округдук шайдоо комиссиясынан кабарлашты. Буга чейин ушундай эле максат менен 4- октябрда экс-премьер-министр Николай Танаев, ишкер Жаныш Кудайбергенов арыз беришкен. Мыйзам боюнча талапкердикке байланыштуу арыздарды кабыл алуу 18-октябрда токтотулат. Бул округда кайра шайлоо мурдагы депутат Жыргалбек Сурабалдиев атып өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу белгиленген.

XS
SM
MD
LG