Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

ИРАН МЕНЕН БРИТАНИЯНЫН МАМИЛЕСИ ЫРБАП КЕТИШИ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Иран мунайга бай Хузистан провинциясында өткөн ишембиде болгон жардыруунун артында Британия тургандыгынан шектенет. Ишембиде Ирандын Хузистан провинциясынын Аваз шаарынын базарында эки бомба жарылып, андан алты киши курман болуп, 100дөн ашык киши жаракат алган. Шаар Ирактын Британ аскерлери жайгашкан чөлкөмүнө танапташ турат. Британиянын Тегерандагы элчилиги бул шектенүүлөрдү негизсиз деп эсептейт. Акыркы жумаларда Британия Иранды Иракка кол салып жаткан согушкерлерге колдоо көрсөтүүдө, деп айыптап келген. Иран өз кезегинде бул айыптоолорду четке какты.

Ишемби күнү Иракка чек аралаш жайгашкан Хузистан провинциясынын Аваз шаарынын базарында бир мүнөттүн ичинде эки бомба жарылып, алты кишинин өмүрүн алып кетти. Анын эртеси кабинеттин жыйынынан кийин Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад бул жардыруунун артында Ирак-Иран чек арасын узата жайгаштырылган британ күчтөрү турганында шек бар экенин билдирди. Президенттин мындай шектенүүлөрүн кийинчерээк Ирандын башка жетекчилери да кайталады. Басиж милиция күчтөрүнүн башчысы, генерал Мохаммад Хежази жардырууларда Британиянын акценти таасын сезилип турат, деп айтты. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Хамид Реза Ассефи жардыруу кимдин колунан келгени азырынча белгисиз экенин айтат:

- Биз британдыктар сыяктуу колубузда эч далилдер жок сүйлөй бербейбиз. Оболу чалгындоо жана коопсуздук күчтөрү документтерди текшерип көрүүсү керек. Жардыруунун артында кимдер турганын иликтөөлөр көрсөтөт. Бирок биз азыр божомолдоолор менен ушак-айыңдардан обочо болуубуз керек.

Британиянын премьер-министри Тони Блэр ушул айдын башында жасаган билдирүүсүндө согушкерлер Иракта жайгашкан Британ аскерлерине Ирандын колдоосу менен кол салып жатышат, деп айткан. Жакында Британиянын тышкы иштер министри бул айыптоолорду кайталады.

Хузистандагы окуялардын артында Британия тургандыгынан Иран мындан мурда дагы шек санап келген. Апрель айында Хузистан провинциясында өкмөт араб улутундагы калктын санын азайтат экен, деген имиштер таратылып, чөлкөм калкынын ичинде дүрбөлөң түшкөн. Анда дагы өкмөт мында Британияны күнөөлөп чыккан. Июнь айында болсо өкмөт "жуп президенттик шайлоонун алдында Авазда уюштурулган жардыруулардын артында Британия турат", деп божомолдогон. 8 кишинин өмүрүн алып кеткен жардыруулардын жоопкерчилигин араб сепаратисттери өзүнө алган.

Бирок айрым жетекчилер акыркы жардыруулардын кинээси Британияга артылып жатканын - Тегерандын Лондондун айыптоолоруна кылган каяшасы, деп эсептешет.

- Булардын баары эки өлкөнүн ыркы кетип, пикир келишпестиктер күч алып бараткандыгынын белгиси. Биздин пикирибизде, буга Ирандын ядролук программасы жана Британиянын бул маселе боюнча ээлеген келишпес позициясы экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүккө шыкакчы болду, - дейт Араб-Иран маселелерин Изилдөө Борборунун башчысы Ализера Нуризадех.

Нуризадехтин пикиринде, эки өлкөнүн мындай мамилеси Ирандын ядролук программасына байланыштуу ырбап кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG