Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

НААРАЗЫЛЫК ЧАРАНЫН АРТЫНДА ЖОГОРКУ БИЙЛИКТЕГИЛЕР ТУРАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жыйырма экинчи октябрдан тарата Бишкектин чок ортосунда нааразылык акциясы уланууда. Нааразылыкка чыккандар парламент имарат алдына бир нече боз үй, чатырларды тигип алышып, өкмөт башчы Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Тартип коргоо орган жетекчилери нааразылык акциясынын катышуучулары коомдук тартипти бузушпагандыктан аларга каршы эч кандай күч колдонбой тургандыгын билдиришүүдө. Буга байланыштуу айрым маалымат каражаттары жана саясатчылар аткаруу бийлигин өлкөдөгү коомдук тартипти камсыз кылууга кайдыгер мамиле кылууда деп айыпташып, мындай нааразылык акциясын жогорку бийлик өкүлдөрү колдоого алууда деген жоромолдо. Ал эми бийлик өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагып жатышат.

Март ыңкылабынан бери Жогорку Кеңештин үч депутаты киши колдуу болуп каза болшту. Ошол эле мезгилде тартип коргоо органдары тарабынан бир дагы кылмыштын бети ачылбай келет. Буга чейинки адам өлтүрүүлөрдөн айырмасы депутат Тынычбек Акматбаевди ким өлтүргөндүгү коомчулукка малым, бирок ал кимдин тапшырмасын аткарды деген суроо бүдөмүк бойдон калууда. Бүгүнкү күнгө чейин депутат Акматбаевдин өлүмү боюнча эки түрдүү жоромол айтылууда.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Шерниязовдун пикиринде, Тынычбек Акматбаев кылмыштуу дүйнөдө белгилүү чечен улутундагы Азиз Батухаев менен Тынычбектин агасы Рысбек Акматбаевдердин ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөн улам каза болду. Ал эми маркумдун агасы Рысбек Акматбаев болсо депутат иниси өкмөт башчы Феликс Куловдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен кайтыш болду деген пикирин билдирүүдө:

- Саясий тапшырма менен каза болду. Тапшырманы Фелкс Кулов берген. Ал эми Батухаев аткаруучу гана.

Ал эми бул боюнча өлкөнүн тартип коргоо органдары кандайдыр бир маалымат таратыша элек. Ошол эле мезгилде маркум депутат Акматбаевдин жакын туугандары жана алардын жактоочулары соңку үч күндөн бери Бишкектин чок ортосунда нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Алар өкмөт башчы Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Кыргызстандын күч органдары нааразылык акциясынын катышуучулары коомдук тартипти бузушпагандыктан аларга каршы эч кандай күч колдонулбай тургандыгын эскертишүүдө. Аткаруу бийлигинин мындай аракети өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарга, саясий партия өкүлдөрүнө жакпай жатат. Буга байланыштуу алар мындай нааразылык акциясынын артында Куловду кызматтан кетирүүгө кызыкдар айрым жогорку бийлик өкүлдөрү турарын айтышып, өлкө жетекчисин айыптай башташты:

- Мен дагы бир жолу эскертейин, Карасуудагы, Оштогу окуяларды көрүп келдим. Ал жерде аткаруу бийлиги кандайдыр бир кылмыштуу топтун жанында тургандыгы билинип турган. Ошондуктан, менин оюмча, ушул болуп жаткан окуяга биздин эң жогорку бийлик өкүлдөрү, жетекчилик күнөөлүү. Алар муну каалап жатышат, - дейт «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын аткаруу комитетинин башчысы Алишер Абдымомунов.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, ушул эле күнү «Кыргызстан» коомдук кыймылынын координациялык кеңеши жыйын өткөрүшүп, коомчулукка билдирүү таратышты. Билдирүүдө эгерде аткаруу бийлиги өлкөдөгү саясий кырдаалды тез аранын ичинде жөнгө салбай турган болсо, Кулов-Бакиев тандемине каршы чыгыша тургандыгы эскертилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев болсо, депутаттын өлүмүнө чынында эле Феликс Куловдун тиешеси бар деген ойдо:

- Кулов өзүнүн милдетин аткара алган жок. Кулов үч күндөн бери маалымат каражаттарына берген маегинде бир дагы жолу Акматбаев өзүнүн милдетин аткарып жүрүп каза болду деп айткан жок. Ошондуктан депутаттын өлүмүнө анын тиешеси бар деген ойдомун.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиев соңку мезгилдери Бишкекте өтүп жаткан нааразылык ацияларын Куловго каршы күчтөр атайын уюштуруп жатышат десе, «Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Дөөлөт Нусупов нааразылык ациясынын артында президент Курманбек Бакиев турат деген ойду туура эмес деп четке кагат:

- Бакиевдин эч кандай тиешеси жок. Анткени ага буга чейин Куловду кетирүү боюнча сунуштар көп эле болгон. Ал Кулов менен тандемге баргамын, шайлоодо чогуу болдук деп, болбой койгон. Ошондуктан жогорудагыдай сөздөр жөн гана ушак сөздөр.

Айтор, учурда коомчулукта өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG