Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:24

Жогорку Кеңеш саясий кырдаалды 25-октябрда талкуулайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды 25-октябрда талкууламай болду. Талкуунун жүрүшү менен нааразылык акциясына чыккандар түз тааныша алышат. Ал үчүн имараттын борбордук эшигин ачык коюп, ал жерге бир телевизор коюп берүү каралып жатканын төрага орун басары Болот Шерниязов парламентте билдирди. Нааразы тарап Жогорку Кеңешке ушундай талап менен кайрылган. Дүйшөмбүдө болсо кворумдун жоктугуна байланыштуу парламент ишин баштай алган жок. Каттоодон өткөн 33 депутат бул күнү Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында тигилген боз үйлөрдүн бирине келип, маркум депутатка багыштап куран окуутушту. Андан соң депутаттар сөөк чыккан жерге куран окутуу үчүн Ысыккөлгө, депутаттын ата-энесине жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG