Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:45

НАТОго КАРШЫ ОРУСИЯ МЕНЕН КЫТАЙ СОГУШТУК БЛОК ТҮЗӨБҮ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр өкүмөт жетекчилери шаршембиде эки күндүк олтурумун Маскөөдө баштады. Башкы маселе террорчулукка каршы күрөш болууда. Олтурум алдында ШКУ өлкөлөр премьер министрлерин Кремлде президент Владимир Путин кабылдады. Ага дейре Кытай өкүмөт жетекчиси Вэн Цзябаону жалгыз кабыл алып, эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканы талкууга алган эле. Шанхай уюмуна мүчө өлкөлөр Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан тышкары, бул жолу, көз салуучу катары Монголстан, Иран, Индия жана Пакистандан өкүлдөр катышууда.

Анализчилер эсебинде, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр өкүмөт жетекчилери ушуну менен төртүнчү жолу жолугушуу өткөрүп атышы экен. Журналисттер болсо Маскөөдө бул топко кирген: Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан делегацияларын эске алып, “алтоонун олтруму” деп аташууда. Бирок бул жолу олтурумга ырасмий түрдө көз салуучу катары Индия, Иран, Монголстан жана Пакистан делегациялары да катышып атат.

Владимир Путин бүгүн: “ШКУ алгач алдына койгон масилеттер алкагынан ары чыкты”, - деп жарыялады. Ошондой эле орусиялык жетекчи ШКУну дүйнөлүк саясатагы олуттуу фактор катары эсептей турганын билдирди.

Андан аркы кебинде Путин «ШКУ ишкердигиндеги негизги багыттардын бири биздин атуулдардын коопсуздугу болуу керек», - деди

Террорчулук менен күрөшүүгө бирге аракет жасоо керектигин белгилеп, андан ары ал буларга токтолду:

- Өзбекстандагы, орусиялык Налчиктеги ошондой эле кайсы бир өлкөлөрдөгү кийинки учурдагы окуялар бул маселелер жана милдеттер мурдагысындай эле кыйла азыркы убакыт үчүн мааниси бар бойдон калып атканын көргөзүп турат. Алар биздин көңүлдүн чордонунда болушу керек.

Он өлкө өкүмөт башчылары жолугуп Маскөөдө өткөрүп аткан жыйын тууралуу “Крисчен сайенс монитор” (Christian Science Monitor) “Орусия менен Кытай, балким НАТОго каршы багыталган евразиалык согуштук блок түзүүгө карай дагы бир кадам жасады”, - деп жазып чыкты. “Мурдагы Советтер Союзуна кирген борборазиялык жумурияттар менен алакада болуу үчүн 2001 жылы түзүлгөн топ, тез аранын ичинде ал аймактын коопсуздугун коргоочу блокко айланды. Кантсе да эми ал топко Индия, Пакистан, Иран сыяктуу өлкөлөр кошулат. Андай болгондо, ШКУ өз таасирин Түштүк Азия менен Чукулку Чыгышка жайылтчу болот” , - деп жазат.

Мындай мүдөөнүн чындыкка чукул жагы бар экенин “жакында өткөн орусиялык-кытайлык, орусиялык-индиялык согуштук машыгуулар көргөздү. Ошондой эле Сочиде орусиялык-кытайлык согуштук-техникалык кызматашуу боюнча сентябрде өткөн аралаш комиссия иши күбөлөп турат”, - деп жазат “Крисчен сайенс монитор”

Орусиялык саясий анализчи Андроник Мигранян бир нече саат мурда ИНТЕРФАКС агенттигине айткан пикиринде “ШКУ негизинде согуштук альянс түзүүнү эми чындап баштады”, - деди.

XS
SM
MD
LG