Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

ШКУ ОЛТУРУМУНДА ОРУСИЯ-КЫТАЙ АЛАКАСЫ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия менен Кытай ортосундагы товарлардын жүгүрүшү 28 миллиард доллардан ашкан. Орусиялык президент Владимир Путин ал туурасында Кытай мамсоветинин премьери Вэн Цзяба менен шаршембиде жолугушуп олтуруп айтты. Олтуруму бейшембиде аяктаган ШКУ өлкөлөрү: Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзүбекстан өкүмөт башчылары он келишимге кол коюшкан.

Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр премьер-министрлер олтурумун анализчилер өзгөчө шааниде болду дешет. Бул уюм олтурумуна алгач ирет Монголстан, Пакистан өкүмөт башчылары, Индия ТИМ жетекчиси, Ирандын биринчи вице-президенти катышышты, ошон үчүн айрыкча болду дешет. Ал уюмга мүчө алты мамалекет – алардын бири Кыргызстан – делегациялары талкууга алган масилеттер экономика менен саясат алкагында болгон. Бирок калктын коопсуздугун коргоо маселеси да көтөрүлүп Маскөө менен Бээжин согуштук альянс түзүүгө киришип калышты, деп айтышууда. Алардын башкы аракети Борбор Азияда АКШнын согуштук базасын сүрүп таштоо болуп атат дешет. Маселен, Латвияда чыгуучу “Телеграф” гезити: “ШКУнун чыныгы максаты евроазиянын элин кучагына алган жерде НАТОго каршы согуштук блок түзүү болуп атат. Ал уюмдун мындай кадам жазай тургандыгы жайында (Астанада) өткөн олтурумда байкалган”, - деп жазат.

Бейшембиде, олтурум аяктаганга байланыштуу Маскөөдө журналисттер менен болгон жүздөшүүсүндө ШКУнун аткаруу катчысы Чжан Дэгуан «Шанкай уюму эч убакта согуштук блокко айланбайт», - деди. Ошол эле учурда Ооганстанда террорчулукка каршы операцияларды жүргүзүп аткан коалицияны ШКУ алкагынадагы кайсы бир мамлекет жеринен аскерий топбун качан алып чыгып кете тургандыгын так айтышы керек деп Шанкай уюмуна кирген өлкөлөр атынан чакырык таштады.

Көз салуучу болуп олтурумга катышкан 4 өлкө ичинен Ирандын биринчи вице-президенти Парвиз Давуди журналисттер алдында Ирандын уран программасына карата «МАГАТЭ өлкөлөрү жана дагы башка өлкөлөр менен Иран эч кандай алдын ал шарты жок сүйлөшүүгө даяр», - деген билдирүү жазады. Ал эми Пакистан делегациясы ШКУга нагыз мүчө болуп өтүүгө даяр экенин билдирди.

Шаршемби күнү ШКУ кол коюшкан он келишим ичинде банктар кызматташуусу да болду. Ага Кыргызстан тарап, кайсы бир мамлекеттик ички жагдайды тактап туруп анан колун кое тургандыгын билдирип, азырынча кол койгон жок.

Түндүк Атлантикалык альянска тең келгидей топ түзүү азыр дегеле мүмкүн эмес дейт орусиялык саясаий анализчи Юрий Ханжин:

- Түндүк Атлантикалык келишим кубаттуу согуштук күч уюштура алууга чамасы келген өнөр жайы айрыкча өнүккөн өлкөлөрдү бириктирип турат. НАТОнун колунда ошондой эле азыркы дүйнөнүн экономикасынын негизги каражаты да турат.

«Мурас» корунун жетекчилеринин бири Хэлли Дэйл айымдын айтымында, Кремлдин азыркы Бээжин менен абдан ысык болуп кетиши көпкө созулбайт. Ал: «Орусия менен Кытай ортосунда кыйла талашка түшкөн масилеттер бар. Ошондуктан, Кытай менен Орусия келечектеринде достошуп жашаганга караганда, атаандашып жашоо үстөмдүк кылат», - дейт.

XS
SM
MD
LG