Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Казакстандагы президенттик шайлоого байкоочулар жөнөп кетти


БИШКЕК. Казакстандагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн Кыргызстандан 10дон ашык узак мөөнөттүү байкоочу жөнөп кетти. Алар КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо сала турган CIS EMO эл аралык уюму аркылуу барышты. Ошондой эле шайлоо жакындаганда “Демокартия жана атуулдук коом” үчүн коалициясынын атынан 10дон ашык кыска мөөнөттүү байкоочу барышы күтүлүүдө. Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов билдиргенге караганда, буга чейин казак оппозициялык күчтөрү байкоочу жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылганда бул уюм баш тарткан. “Оппозициянын же бийликчил күчтөрдүн чакыруусу менен барып, аларга көз каранды болбой, эл аралык уюмдар аркылуу барган оң”, - дейт Эдил Байсалов.

Казакстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Анда азыркы президент Нурсултан Назарбаев да ат салышат. Ага атаандаш төрт талапкердин ичинен эң күчтүүсү - оппозициялык маанайдагы “Акыйкат Казакстан” блогунун жетекчиси Жармахан Туякбай экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG