Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

МАКТООГО АРЗЫГАН АЙЫМ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 1-ноябрда Грузиянын мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили жаңы оппозициялык кыймылдын пайдубалын түптөдү. Оппозициялык уюмдун кеңсесин ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө экс-министр жаңы кыймылдын максаты - жарандык коомдун пикирин билдирүүчү жаңы платформаны түзүү экенин билдирди. Бул окуя Зурабашвили министрдик кызматтан четтетилгенден эки жума өткөндөн кийин болуп олтурат.

Өзү негиздеген оппозициялык кймылдын кеңсесин ачкан соң журналисттер менен маектешкен Зурубашвили анын негизги максаты - Грузияны Европанын заман бап өлкөсүнө айлантуу экенин билдирип, алдыга койгон максатка жетүү үчүн биринчи кезекте жарандык коомго таяна турганын айтты:

- Биз эң ириде коомчулук менен иштегибиз келет. Коомчулук өлкөнү куруу ишинен буга чейин четтетилип келген, эми коомдун ролу өлкөнү курууда жогорулашы керек.

Зурабашвили жаңы кыймыл азырынча партияга айланбай турганын белгилеп, анын эшиги аны менен бирдей көз карашта болгон, бирдей асыл нарктарды туткан бардык жарандар үчүн ачык экенин кошумчалады. "Саломе Зурабашвилинин Кыймылы" деп аталган уюм бир айдын ичинде расмий каттоодон өтмөкчү.

Кыймылдын кеңсесин ачуу аземине президенттин Кодори капчыгайындагы абалды жөнгө салуу боюнча мурдагы өкүлү Эмзар Квитциани жана Самтшхе-Жавахетинин мурдагы акими Гела Гварацхелия катышты. Квитциани оппозициялык кыймылга кошулаар-кошулбасын азырынча чече элек экенин билдирсе, Кварацхелия кыймылга колдоо билдирди:

- Мен бул жерге биздин өлкө туш болуп турган проблемаларды тартынбастан ачык айткан инсанга колдоо көрсөтүү үчүн келдим. Мен ошондой эле бул инсандын проблемаларды жөнгө салуу пландарын жактырам.

Грузиянын Франциядагы мурдагы элчиси Зурабашвили 2004-жылы Михаил Саакашвили президент болуп шайлангандан бир нече жума өткөндөн кийин өлкөнүн тышкы иштер мекемесинин башчысы болуп дайындалган. Бул кызматта иштеген убакыттын ичинде ал Орусиядан Грузияда жайгашкан эки аскердик базаны 2008-жылга чейин жабуу убадасын ала алады. Ушул жылдын май айында жетишилген келишимди эки өлкөнүн президенттери али ратификациялай элек.

19-октябрда президент Саакашвилинин буйругу менен Зурабашвили кызматтан алынган, анын себебин президент тышкы иштер мекемесинде орун алган баш аламандык жана тартипсиздик менен негиздеген. Айрым парламентарийлер аны Орусиянын солчулдары менен байланышы бар "неокоммунист" деп да аташкан. Зурабашвили бул айыптоолордун баарын четке какты. Министрдин кызматтан алынышы Грузияда чакан саясий кризиске шыкакчы болгон. Саясий байкоочулар президент Саакашвили мындай кадамга парламенттин айрым мүчөлөрүнүн кысмагы менен баргандыгын айтып чыгышкан.

Өткөн жумада Грузиянын жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча министри Гиоргий Каиндрава Орусияны аскердик базаларын жабууга көндүрө алган дипломат мактоого арзуунун ордуна кызматынан алынды, деп Зурабашвилинин парламенттеги оппоненттерин сындады:

- Ал Грузиянын эң ийгиликтүү иш жүргүзгөн министрлеринен эле. Грузия Саломе айым жетишкен нерсени 204 жыл бою күткөн. Бул абдан маанилүү окуя жана Саломе айым анын башкы каарманы эле. Аны каралаган билдирүүлөр жана ага каршы жасалган аракеттердин баары таптакыр жарабай турган иш деп эсептеймин.

Айрым саясий байкоочулар Зурабашвилинин кызматтан алынышына анын Грузиянын кландар саясатын кескин сындап чыккандыгы себеп болгонун айтышат. Ал эми башка бир серепчилер болсо буга анын парламенттин спикери Нино Буржанадзе менен грузин парламентинин тышкы саясатты аныктоодогу ролу боюнча келише албастыгы негиз болгондугун божомолдошот.

Зурабашвили 2009-жылы боло турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтө турганын кыйытты жана ал кызматтан алынган соң Тбилисиде өткөн митингдер бул саясатчы айым калк ичинде кыйла колдоого ээ экенин тастыктады.

XS
SM
MD
LG